Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Сооронбай Жээнбеков тарыхта “Шариман” деген каймана ат менен калат”

Токтогул Какчекеев: “Сооронбай Жээнбеков тарыхта “Шариман” деген каймана ат менен калат”

08-февраль, 10:54
3 472 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтогул ага, эң ириде Кыргызстандагы саясый кырдаалга баа берип кетсеңиз?

-- Кыргызстан үчүнчү төңкөрүштөн кийин эл аралык мейкиндикте абдан таанымал болдук. КМШ, Россияда саясатчылар өз көз караштарын байма-бай чагылдырышып, политолог Дубнов, Госдуманын депутаты Жириновскийдин терс баасы берилди. Бирок, элдин колдоосу менен Садыр Жапаров Кыргыз мамлекетинин президенти болду. Коомчулук 30 жыл аралыгында жаңы муунду, жаңы саясатчыларды бийлик үчүн күрөштө ким кандай экенин толук көрсөтө алды. Алардын эмгеги талаада калган жок, алар ойду-тоону айтып отуруп, эл аралык карыздарга белчеден батырды. Алган каражат чарбачылыкты, өндүрүштү алдыга жылдырбадыПарламенттик мамлекеттин баасын, өкмөттүн ишмердигин Ковид-19 пандемиясы ачыктан-ачык көрсөтүп койду. Саламаттыкты сактоодо ковидден өлгөндөрдүн санын кыскартып жүргөнүн вице-премьер Эльвира Сурабалдиева көрсөттү. Саясый кырдаал түздөн-түз экономикалык абал, элдин жашоосу менен тыгыз байланышта болот эмеспи. Тамак-аш, дары-дармектин баасы күн сайын көтөрүлгөндүгү элди нааразылыкка алып келди. Эми бул тармакты оңдош үчүн күч-кубат жана ишмердик, өжөрлүк керек. Ишти алып баруучулар дасыккан тажрыйбалуу, мыкты ишмерлер болушу керек экенин эл билет. Бирок, мындай адамдар Акүйдөгүлөрдүн арасында эмес, коюн-колтукка киргендердин да катарында жок. Мүмкүн Садыр Жапаровдун командасында бардыр, болсо алардын ишмердигин кийин көрө жатарбыз.

-- Жаңы шайланып аткан премьер-министр канчалык ишти алып кете алат?

-- Бизде жаңы шайланган президенттер кеткендердин кадр саясатына ыраазы болгон эмес. Бир гана Алмазбек Атамбаев үй-бүлөлүк принциптен алыс болгон, бирок “региондорду кем кылбайм” деп кокуйларды чогултканы акыры өз башына муш болуп тийди. Садыр Жапаровдун министрликтерди сомдогону туура эле иш болду. Алардын арасында жаңы шайланып аткан премьер-министр мамлекеттин арабасын тартып кете албайт. Анткени, чарбачылыкта иштеп көргөн эмес. Мүмкүн мыкты азаматтыр, бирок азаматчылык кесип эмес!

-- Өкмөттүн структурасы да бүдөмүк сыяктанат. Ирилештирүү деп бири-бирине кайнаса каны кошулбаган агенттиктер, министрликтерди жармаштырып аткансыйт. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

-- Акаевдин, Бакиевдин реформасы "прихватташууну" жеңилдеткен. ИИМдин ГУБЕП и К деген кызматынын негизинде финпол деген мекеме түзүлгөн. ИИМ коррупция менен күрөшүү ишин токтоткон. Финпол өкмөттүн колуна түшкөн, ИИМдин паспорт жана ОВИР кызматын ГРС деген жаңы структурага беришкен, ошону менен бирге МАИден РЭО деген структураны ГРСка өткөрүшкөн эле. Ушунун айынан паспорттор сатыла баштаган, оң рулдуу машиналар рынокко кирген. Эми жаңы шайланган президент буларды кайра ИИМге кайтарды. Демек, ИИМ өз калыбына келе баштады. Калган кеңейтүүлөр ушул айткан жолдой эле.

-- Мурунку президент Сооронбай Жээнбеков сиздин оюңузча тарыхта кандай ат менен калат дейсиз? 

-- Сооронбай Жээнбеков тарыхта “Шариман” деген каймана ат менен калат. Ал өзүн бир байкуш экенин көрсөттү. Эрки жок, башкаруу системалардан такыр алыс адам тура. Өзгөчө анын тандаган кадрлары Кубатбек Боронов, Мухамметкалый Абылгазиев, Сабиржан Абдикаримов өңдүүлөр КОВИД-19 пандемия убагында өздөрүн жоготуп коюшпадыбы. Ушулардын бейкапарлыгынан миңдеген бейкүнөө адамдар көз жумушту. Анын кадрларына учурда кылмыш иштери козголуп атканы да бекеринен эместир. А өзү болсо үй-бүлөсү менен кичи ажылыкка кетиптир. Азырынча шекшинбей туралы, убакыт бар...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер