Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда кыргызстандык жубайлар жол кырсыктан каза болушту

Россияда кыргызстандык жубайлар жол кырсыктан каза болушту

25-октябрь, 17:08
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын Сургут шаарында кыргызстандык жубайлар жол кырсыктан каза болушту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-октябрда Сургут-Когалым унаа жолунда болгон. Сургуттан Ноябрскти көздөй бара жаткан “Hyundai” унаасынын 22 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып, “Мерседес” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында кирип кеткен.

Унаанын айдоочусу, 19 жаштагы аял киши менен 36 жаштагы эркек киши окуя болгон жерде каза болгон. Андан сырткары дагы бир 19 жаштагы жаран ооруканага жеткирилген.

“Биз кимге барып, сөөктөрдү качан жана кантип алып чыгып кетишибизди билбей жатабыз. Учурдак маркумдардын сөөктөрүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн акча чогултуудабыз. Каза болгон кыздын агасы менен маркумдун досу аракет кылып жатышат, бирок азырынча жылыш жок” деп билдирген окурман.

Кыргызстанга сөөктөрдү ташууда каза болгондордун жакындарына колдоо көрсөтөм деген мекендештер +996555775368 (Оксана) номерине кайрылса болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер