Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнис Толтоев: “Ош облусу боюнча 350 үй-бүлө чакан ишкерликке багыт алат”

Эрнис Толтоев: “Ош облусу боюнча 350 үй-бүлө чакан ишкерликке багыт алат”

19-август, 18:30
377 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен маек.

-- Эрнис мырза, облус боюнча колунда жок 350 үй-бүлөгө чакан бизнес уюштуруу үчүн 100 миң сомдон бергени жатыпсыздар. Жардам алчу талапкерлер кантип тандалат?

-- Ооба, бул иш-чара министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомунун негизинде жүргүзүлүп жатат. Ар бир райондон чакан ишкерликти өнүктүрүүгө ынтызар үй-бүлөлөр тандалып алынат. Айыл өкмөттөрүндө, райондордо комиссиялар түзүлдү. Бул саамалыкка кызыккан үй-бүлөлөр чакан бизнес долбоорлорун даярдап, комиссияларга тапшырышат. Анан комиссия карап чыгып, макулдук берген долбоорлорго ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Облустагы жети райондун ар биринен 50дөн үй-бүлө тандалып алынат. Социалдык пособие алган үй-бүлө 100 миң сом менен чакан ишкерликке багыт алат. Токтомдо контракттын убактысы да белгиленген. Контракттын жыйынтыгы менен үй-бүлө киреше алып, социалдык жөлөк пул алуудан чыгарылат. Бүгүнкү күндө облус боюнча 16 жашка толо элек балдары бар 32 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пул алууда.

-- Бул акчалар кайсы булактын эсебинен каржыланат?

-- Каржы маселеси министрлер кабинети тарабынын чечилген. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер