Ууланып калууга алып келген азыктардын тизмеси
Кандай тамак-аштар ууланууга алып келиши мүмкүн? Бул тууралуу гастроэнтерологдун билдирүүсүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын билдирүүсүнө ылайык, бардык тамак-аш жана суусундуктардан ууланса болот, эгер алар сапатсыз же мөөнөтү өтүп кетсе. Бирок, көбүнчө сүт азыктарын колдонууда кылдат мамиле кылуу керек. Анткени алардын сактоо мөөнөтү өтө чектелүү.
“Эгерде бул азыктар туура эмес сакталса, температура режими сакталбаса, бул бактериялык флоранын өнүгүшү үчүн жакшы шарт түзөт: быштак, каймак, сүт азыктарынын башка туундулары тамак-аштан ууланууга алып келиши мүмкүн” дейт медицина илимдеринин кандидаты, гастроэнтеролог Зиннатуллин.
“Бир адам ууланса, анда ал мөөнөтү өтүп кеткен тамакты көбүрөөк жегендигин, ал эми эгерде аны колдонгондордун баардыгы ууланып, ооруп калса, демек, бул тамак аркылуу жугуучу инфекция экендигин билдирет. Ошондой эле көбүнчө уулануунун себеби спирт ичимдиктерине байланыштуу болот” дейт дарыгер.
“Супер кж”