» Саясат » Ансыз да баалар өсүп атканда, электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттайт
Ансыз да баалар өсүп атканда, электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттайт
17-январь, 14:45
614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Май айынан баштап электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттай турганын министр Таалайбек Ибраев билдирди. Эл ичинде талкуу жаралып, нааразычылыктар айтылууда. Эске салсак, 2024-жылы свет 11 тыйынга көтөрүлгөн. Ошентип, жыл сайын баа өсүүдө. Натыйжада, май айынан тарта жөнөкөй керектөөчүлөр үчүн тариф 1,37 сом болсо, ал эми өнөр жай багытында колдонуучулар 3,49 сомго чейин төлөөгө мажбур болушат. Албетте, байлар үчүн электр жарыгына карата кымбаттоо ойлондурбаса керек, бирок карапайым элге кыйынчылык жаралат. Ансыз да коммуналдык төлөмдөргө, суу, жылуулукка, газга, андан сырткары, азык-түлүктөргө карата баалар өсүп атканда, ар тарабынан кысылгандай эле абал жаралабы? Ошол эле кезде айлык акы, пенсия жарытылуу көтөрүлбөй, бир жагынан жумушсуздук күчөп, кыйын кезеңге бараткандайбыз. Ооба, элдин ылдыйкы жөнөкөй катмары кыйналып, жакырчылыктын сазына батып баратат.