Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташкындаган булактай талантына суктанам...

Ташкындаган булактай талантына суктанам...

06-август, 18:00
583 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Элзар Өскөнбаевага!) 

Ушул ырчы кыздын таланты мага эле эмес, көптөргө жакса керек. Кубулжуган жагымдуу үнүн алыс жолго чыгып калганда жаңыртып койсоң, жүрөктү эзет да. Аткаруусундагы ырлардын мазмуну, обону дагы келишкен. Негизинен элдик ырларды салттуу эстраданын коштоосунда созгондо, чын эле жан эргитет. Өң-түспөлү да кашкайып, жагымдуу көрүнөт эй! Талантына жараша мүнөзү да жакшы болсо керек. Эмне дейин? Эл ичинен чыккан ташкындаган булактай кереметине суктанып, анын күйөрманы болуу да жыргал эмеспи. Негизи мен концертке деле барбайм, бирок ушул Элзар Өскөнбаева жеке чыгармачылыгын чагылдырса, эки бутту созо отуруп алып көрөт элем. Улам кол чаап, жер тээп дегендей... А баса, эки жылдай өтүп калды окшойт. Бир тойдон Элзар айымдын ырдаганын жанынан көрүп, ошондон бери арбалып, жаркылдаган жүзүнө, жеңил баскан жүрүшүнө, бийик музасына сыйым артып калган... Негизи кыргыздар алдыга суурулган таланттарды убагында байкабайбыз, баалабайбыз, башынан мыктыларга көралбастыгыбыз бар. Мамлекет тарабынан да камкордуктар анчейин көрүлбөйт эмеспи, туурабы? Андыктан, элибиздин сүймөнчүгүн эске ала жүрсөк (!) деген ниет менен эле калем кармап, жандүйнөмдөгү жаралуу сезимди жая салдым...


Калыгул 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер