Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: “Түштүк Африка, Индияда кезиккен вирустун штаммдары катталууда. Той-топурду токтотолу!”

Айбар Султангазиев: “Түштүк Африка, Индияда кезиккен вирустун штаммдары катталууда. Той-топурду токтотолу!”

18-июнь, 12:07
675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Вирустун үчүнчү толкуну башталганы айтылууда. Илдет менен катталгандардын саны арбыды. Июнь айынын аягы, июль айында вирус дагы күч алып кетпейби?

-- Бүгүнкү кундө беш жүздөй адамдын тегерегинде катталып жатат. Бишкек мурдагыдай эле калууда. Бирок региондордон көбүрөөк кошулуп баштады. Ошон үчүн көп катталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин күчү жетип жатабы, кантип баамдаса болот? Ооруканаларда койкалар жетиштүүбү? Орточо же оор формада ооруган адамдарга ооруканага жата турган орун барбы? Мына ушулардан баамдасак болот. Экинчиси, “оор абалда болгон адамдарга ИВЛ аппарат жетиштүүбү?” деген суроо жаралат. 

Мен статистиканы карасам, “200дөй бош орун бар” деп көрсөтүп жатат. Бирок, ар бир оорукананы караганда орун аз. Бишкекте 90%дан ашык койкалар бош эмес. Ошто (менин укканым  боюнча) бир жумадан бери орун жок. 3-4 күндөн бери күндүзгү стационарлар ачылууда. Күндүз иштеген стационарларда ИВЛ аппарат жок. Эл ал жакка капельница, укол алганы эле барат. Мунун баары койкалар калбай бара жатканынын белгиси. Дагы бир жумадай ушул темп улана берсе, күнүнө 500дөй адам катталып турса, таптакыр орун калбай калат. Ошондо оорчулук жаралат. Былтыркыдай орун издемей көйгөйү башталат. Бирок, былтыркыдай өлүм көп болбойт. Бүгүнкү күндө дарыгерлер кандай дарылоону үйрөнүп калышты. Былтыркыдай клексан ж.б. өтө зарыл дарыларды издемей жок. Дарыканаларда баары бар. Мунун баары өлүм аз болорун көрсөтөт. Эл деле түшүнүп калды, ооруну созуп жүрө бербейт.

-- Бизде вирустун кайсы штаммдары бар? Кайсынысы көп катталууда?

-- 40-44%ы британдык штамм, азыраак Түштүк Африка, Индияда кезиккен штаммдар да пайда болуп калыптыр. Индиянын штаммы дагы көбөйөт. Анан көпчүлүгү мурдагы келген вирус изилдөөлөр боюнча тез тарары, оор болору да чындык.

-- Пневмония болуп, абалы оорлоп кетип реанимацияга түшүп калган соң коркунучтуу болуп, бейтаптар өлүмгө учурап калышууда. Бул абалдан алып чыгууга биздин медицинанын күчү жете элекпи?

-- Реанимацияга баргандардын өпкөсүнүн 70-80%ы иштебей калат. Ошон үчүн ИВЛ аппараты менен дем алдырууга жардамдашышат. Кээ бирөөлөрү 80-90%га чыгып кетет. Аны кайра ордуна келтириш өтө оор. Организм күчтүү болушу зарыл. Ошол эле маалда тромбоздор, инсульттар башталат. Ошол себептүү адамдар комага түшүп калат. Кайра чыгарып алуу оор. Реанимацияга кирген адамдын 20%ы тирүү чыгат. Эң биринчи симптомдору байкалганда эле жата бербей, туура дарылануу керек. Сөзсүз алтымыш жаштан өткөн адамдар, жүрөк оорулары барлар, диабет, зоб менен ооругандарда оорурак өтөт. Бүгүнкү күндө эң биринчи эл той-топурду, көп чогулган шаан-шөкөттөрдү убактылуу токтото турбаса, алсыз адамдарга залакабыз тийип, оорутуп аларыбыз айдан ачык. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер