Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Байсаловду каралоонун жандырмагы табылды

Эдил Байсаловду каралоонун жандырмагы табылды

16-декабрь, 09:55
1 572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийликтеги билимдүү, уюштургуч, саясый анализди таамай жасаган вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун айткан сөздөрүнөн, ишмердигинен кылдан кыйкым издегендер козуп чыгышып, каралап келатышкан. Биз бул жагынан саресеп салып, баамдоо жүргүзгүчө, аз күн мурда кызык жагдайга туш болдук. Тар чөйрөдө белгилүү эле саясатчылар сүйлөшүп, “Эдил Байсалов бийликтин туруктуулугуна, күчтөнүүсүнө чоң салымын кошот, мындайга жол бербейли! Эмесе, аны элге жаман көрсөтүү керек. Бул аракетти бейөкмөтчүлөр, журналисттер, блогерлер улантышы үчүн шыктандыралы. Каралоо кампаниясы катуу жүрсө, Садыр Жапаров да бир чечимге келет...” деген план-барбароссту ачыктап коёлу. Көрсө, бекеринен дараметтүү адамдын артынан сөз ээрчибейт тура. Аткаруу кызматында идея, демилгелери бышкан, идиректүү Байсаловго карата жасалган атаканын сыры ушундай экен. Соцтармактарда баштоочулар шыбамай акциясын урдурушкандан бери түшүнүп-түшүнбөгөндөрү деле ээрчий беришет эмеспи. Түсү ийгини, жаратманды көралбагандар... Ай ата, кыргыздар качан ичтарлыктан көтөрүлөбүз, деги оңоло турган күнүбүз келеби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер