Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов: “Пантеранын” 200гө жакын офицер, жоокерлерин жумушу жок калтырганы жатышат”

Тазабек Икрамов: “Пантеранын” 200гө жакын офицер, жоокерлерин жумушу жок калтырганы жатышат”

22-январь, 22:48
432 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Тазабек мырза, “Пантера” атайын милдет аткаруучу тобунун курамы кыскарып жатканын айттыңыз. Ага эмне себеп болуптур?

-- Бизде Улуттук гвардия болгон. Отуз жыл мурда анын алдында “Пантера“ аттуу атайын милдет аткаруучу топ уюштурулуп, анын курамында 300дөй жоокер, офицерлер кызмат кылчу. Бүгүн ал топту жоюп, Лейлек районундагы Маргун айылында “Мурас” атайын милдет аткаруучу тобу түзүлүптүр. Бирок, ага 100 эле адам кабыл алат экен. Ал эми 200гө жакын офицер, жоокерлер жумушу жок калганы турат. Бүгүн жалпы дүйнө жүзү боюнча абал кооптуу болуп турганда, аскер кызматкерлерин жумушсуз калтыруу туура эмес кадам деп эсептейм.

-- Баткенде атайын кызмат аткаруучу топ түзүлгөнү туура эле да?

-- Албетте, туура. Бирок, Маргунда топ түзүп, “Пантеранын” 100 жоокерин алып, 200ү жумушсуз калып калганы – бул да туура эмес. Баткенде топ түзүлүп, аймак күчтөндүрүлгөнүнө эч кимдин каршылыгы жок. Тескерисинче, биз деле “кээ бир күч түзүмдөрүн бул жакта кармап отуруунун кереги жок, Баткенге которгула” деп сунуштап жатабыз. Бирок, алардын жүзүн которуп, эки жүзүн жумушсуз калтырып коюп атышат. Мен ушул жагына көңүл бурууну сурандым. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер