Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Судья Г.Абылкасымова “Азия Ньюс” гезитине карата бир жактуу, мыйзамга каршы чечим чыгарды

Судья Г.Абылкасымова “Азия Ньюс” гезитине карата бир жактуу, мыйзамга каршы чечим чыгарды

16-апрель, 12:30
461 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 11-март күнү чыгарылган ГД-79\22.Б2 чечими менен доогер Өскөнбаев Конокбай Жумашевичтин доо арызы канааттандырылып, “Азия Ньюс” коомдук-саясый гезитине тийиштүү төгүндөө милдеттендирилип, андан моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн доогер К.Ж.Өскөнбаевдин пайдасына 50000 (элүү миң) сом өндүрүлгөн.

Бул чыгарылган чечим иштин жагдайына шайкеш келбейт, далилдерге юридикалык баа берүүдө судья Г.Абылкасымова тарабынан катачылыктар кетирилген. Аталган чечимди чыгарган сот өндүрүшү башынан аягына чейин расмий тилде жүргүзүлгөн, сот өндүрүшүндө каралып жаткан материал мамлекеттик тилде жазылган. Сот процессинде бул материалдын орусча котормосунун негизинде иш жүргүзүлгөн, ошон үчүн “Признать сведения изложенные в редакции газеты “Азия Ньюс” от 05.11.2020 года за №33 в статье под заголовком “Конок Өскөнбаев жасалма диплому менен ИИМде тайраңдай береби?”. Взыскать с редакции газеты “Азия Ньюс” в пользу Осконбаева Конокбая Джумашевича причиненный моральный вред в размере 50000 (пятьдесят тысяч) сомов” деп чечим чыгарган.

1992-жылдын 4-майында политехникалык институттун базасында Кыргыз техникалык университетин жана Кыргыз архитектура-курулуш институтун түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы чыккан. Мыйзамга ылайык президенттин жарлыгы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Ошонун негизинде “Али кеп алдыда. ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын орун басары Конок Өскөнбаевдин диплому жасалма экени айтылып, соцтармактарда талкууга алынып келген. Береги көчүрмөгө абай салсак, каарманыбыз Бишкек политехникалык институтту бүтүрүптүр, көрүнүп тургандай, 1982-жылы 1-курска кирет да, 1987-жылы окууну аяктайт. Кызык, ал кезде Фрунзе шаары эмес беле? “Бишкек” деген аталышты кайдан жаздырып алган? Сыягы, Конок Өскөнбаев 1990-жылдардан кийин дипломду сатып алса, кашайып кайырмакка илиниптир да. Жылдарды артка жазганы менен берки жагы окшошпой калып жатпайбы, туурабы? Агезде “Фрунзе политехникалык институту” деп жазылчу. Айтор, бул жагынан ашмалтайы чыгып калыптыр. Эмне үчүн жасалма диплом ээси Конок Өскөнбаев ИИМде жооптуу кызматты бир канча жылдан бери аркалап, алдар көсөдөй элдин көзүн будамайлап келген? Мындай көрүнүш кечиримсиз да! УКМК, башкы прокуратура дал ушул факты боюнча иликтөөгө алышып, тийешелүү жазасын беришеби? Же “карга карганын көзүн чокубайт” дегендей, кылмыштуу көрүнүштү көрмөксөнгө салышабы? Коомчулук күбө болууда. Качанкыга чейин шектүү адамдар тайраңдай бериши керек?” деген суроолуу сүйлөмдөрдү “автор утверждает, что диплом К.Осконбаева поддельная и дает прозвище К.Осконбаеву “Алдар Косе” которое обозначает “Безбородый обманщик” деп өздөрү каалагандай которуп алып, күнөөнүн баардыгын гезитке оодарган. 

Судья Г.Абылкасымова сот процессинин жүрүшүн котормочу менен камсыз кылган жок. Котормо зарыл болгон учурда судья Г.Абылкасымова өзү котормочу боло калат, же катчысы Н.Өмүрбекованы “сен котор” деп коёт. Сот процессинин жүрүшүндө ушундай жоопкерчиликсиз көрүнүштөр болду. Судья менен катчынын “котормочу” деген кошумча билими болбосо, же ишти чаташтыруу үчүн ушундай дилетанттык котормочунун ролун аткарыштыбы? Эмнеси болсо да бул соттордун ишине көлөкө түшүрө турган көрүнүш болду.

К.Өскөнбаевдин диплому жараксыз. Себеби ага жоюлуп кеткен политехникалык институттун диплому берилген.

Сот бир жактуу, мыйзамга каршы, туура эмес чечим кабыл алган. Себеби, КР ЖПКнын 64-беренесинин 2-бөлүмүнүн талаптарына ылайык “фактылык маалыматтар тараптардын жана үчүнчү тараптардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү, жазуу жана буюм түрүндөгү далилдер, аудио жана видео жазуулар, эксперттин корутундулары менен белгиленет” деп көрсөтүлгөн сот эксперттин корутундусу жок чечим кабыл алган.

Сот өзүнүн чечимин текстин орусча котормосунун негизинде чыгарган. Кайсы сөздөр, сөз айкаштары же сүйлөмдөр доогердин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтиргенин, анын натыйжасында доогерге келтирилген зыяндын өлчөмү эмненин негизинде жана кандай себептер менен 50000 (элүү миң) сомго бааланганын негиздеп жана далилдеп бере алган жок.

Ал эми КР ЖПКнин 76-беренесинин талаптарына ылайык, сот “соттук териштирүү учурунда ар тараптуу жана толук изилденген далилдердин жыйындысына таянып жана мыйзамды жетекчиликке алуу менен баа берет” деп көрсөтүлгөн. Судья Г.Абылкасымова толук далилденбеген айыптоолордун негизинде чечим чыгарган.

Жыйынтыктап айтканда, К.Өскөнбаевдин логикалык жактан “менин кадыр-баркыма, ар-намысыма шек келтирди” деген дооматтары сот тарабынан негизсиз жана мыйзамсыз канааттандырылган. Бул адилетсиз чечим Бишкек шаардык соту тарабынан кайра каралып, жокко чыгарыларына ишенебиз.


“Азия Ньюс” – пресс 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер