Акыркы кабарлар
» Коом » Бажы кызматынын төрагасы Семетеевдин реформаторлук шыгы байкалбайт
Бажы кызматынын төрагасы Семетеевдин реформаторлук шыгы байкалбайт
12-февраль, 21:05
1 741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Октябрь төңкөрүшүнөн кийин депутат Азамат Арапбаевдин аталаш бир тууганы Кадыржан Семетеев бажы кызматына төрага болуп дайындалган. Андан бери төрт ай убакыт өтсө да, аталган системадан өзгөрүүнү, алдыга жылууну көрө албай атабыз. Баягы эле Кубанычбек Кулматов түзүп кеткен эски “шарашкина контора” иштеп атат. Кадыржан Семетеевдин реформаторлук шыгы, жаңыланууга карай демилгеси байкалбайт. Мындай түрү менен мамлекетти уят кылып койбойбу? А баса, жакын тууганы Азамат Арапбаев өткөн президенттик шайлоодо Ош шаары боюнча Садыр Жапаровдун штабын башкарып, үзүлө түшүп кызмат кылганына караганда, булардын кланы эч нерсени тоготпой байый беришеби?
"Азия Ньюс" гезити