Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Сактыкка кордук жок»

«Сактыкка кордук жок»

04-февраль, 18:00
709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тажикстан менен Афганистандын чек-арасында тишине чейин куралданган 8000 боевик бар экени айтылды. Алар кимдер, максаты эмне экенин жакшы билген Россия тарап Тажикстанга курал-жарак жагынан жардам берип, мурдатан даярдык көрүп келишкен. Афганистан менен Сириядан айдалып чыккан профессионал боевиктер “Аль-Каида”, ИГИЛ жана башкалары биригип өзүнчө армия болуп алышкан. Баарын каржылап демөөрчү болуп турган АКШ баш болгон НАТО өлкөлөрү экени белгилүү. Бүгүнкү күндө Борбор Азияга коркунуч жараткандар мына ушулар экенин Казакстандагы кандуу окуялар көрсөттү.

Тийип-качып согуш чыгаргандар жөнөкөй жарандар катары каалаган жагына кете беришет. Алар “биз башкесерлер, террористтер, радикал-экстремисттер, Кытайдан качып келген диний фанаттар жана уйгур сепаратисттери сиздердин чек араңыздардан өтүп баратабыз, максатыбыз мындай-тигиндей” деп айтып отурбаганы үчүн ар ким ар кандай жоромолдорун жоруп, версияларын айтып жатышат. Анткени, алдамчылык-баскынчылык жана согуштардын Кудайы болуп алган АКШнын арам саясатын баары эле түшүнө албайт да. Аны карапайым кыргыздар эмес Кудайындай көрүп алган Чыкеси, бир эмес эки академияны башкарган Топчукеси түшүнбөй, СССРге каршы чыгышып, Коммунисттик партияны өлөр-өлгөнчө жек көргөн, түшүнүгү тар, караңгы немелер болуп калышты. Булардын караңгылыгы диний караңгылык менен коштолуп, 30 жылдан берки Кыргызстан баардык мамлекеттерден артта калды. Саясат, экономика, идеология, аң-сезим жагынан нөлгө барабар болгон үчүн кошуна тажиктер үстөмдүгүн орнотуп алышкан. Бирок социалисттик система менен өнүккөн Россия менен Кытайдын ортосунда жайгашып калган үчүн көз арткан тышкы күчтөр даап келе алышкан жок. Тескерисинче, ориентациясын жоготкон кыргыз тарап кайра эле НАТО өлкөлөрүнө жабышып, инвестор катары келишсе облус-райондорун, айыл-кыштактарын карматканга даяр. Чет элдиктерге жүздөгөн гектар кыргыз жерин бөлүп беришип, көгүлтүр Ыссык-Көлдү айланта жайгаштырып коюуну каалашат. “Булар эмне, Кыргызстанды бөлүп берүү үчүн келишкенби?” деген суроо жаралат. “Эски бийлик менен жаңы бийлик биригип алышып, кыргыз жерин пулдап ийишсе кантебиз?” дегендер да бар. Эл аралык деңгээлде кыргыз тарап түшүнүгү тар, жеңил ойлуу, тил алчаак баланын образын жаратышты. 

Буларга караганда АКШнын согуштук авиабазасын айдап чыгып, Россиянын Канттагы авиабазасы үчүн акы талап кылган мурдагы экс-президент Алмазбек Атамбаев кайраттуу экен. Эл аралык деңгээлде анын кадыр-баркы жогору болгон үчүн Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын тышкы карыздарын жаап берген. Ал эми “Шариман Шариповичтин” убагында коррупция менен мафия гүлдөп, баары биригип Кыргызстанды калыбына келтирген Алмазбек Атамбаевге асылышып, өздөрү сүттөн ак периштелер болуп чыгышкан. Бирок Кудайдын көзү түз экен, чындыкты сүйгөн кыргыз эли коррупция менен мафиянын башында турган ака-үкаларды айдап чыгышты. Алардын деңгээли төмөн, түшүнүгү тар, чаласабат адамдары бийлик бутактарына толуп алышкан экен, бүгүнкү күнгө чейин арыла албай, айла кетүүдө. 

Бул жагын байкабаган кыргыз коомчулугу президент Садыр Жапаровдун кадр саясатын сындап жатышат. Баардык жерде эски бийликтин молдо чалыштары, дипломду сатып алган чаласабаттары, тууган-туушкандары, куда-сөөктөрү, жердештери, айылдаштары болуп, кыскасы, мурдагы коррупция менен мафия толугу менен сакталып калышканбы? Кландарга кызмат кылган күнкарама жазмакерлер эски бийликке жан тартышып, Россия менен Казакстанды, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди каралаганга өтүшкөн. Ар кандай коррупциялык долбоорлорду талкуулаган кыргыз коомчулугу ич ара дүрбөп жатышса “эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт” болуп, 275 метр кыргыз жерин талашкан тажиктер да дүрбөп жатышат. Же Афганистан жакта бугуп жатышкан 8000 боевиктерге сигнал беришип, ызы-чуу башталып кетсе, 275 километр кыргыз жерин ээлеп алуу амалын ойлоп жатышабы? Балким 8000 боевикти бери көздөй алып чыгып, кайра үңкүрүнө жеткиче кубалап жок кылуу планы түзүлгөнбү? Кандай болгон күндө да кыргыз тарап тышкы жана ички душмандарга карата чара көрүшү керек. Казакстандагы кандуу окуялар Кыргызстанда да кайталанып, андан ары от алып кетиши мүмкүн. “Сактыкка кордук жок” деп ата-бабаларыбыз эскерткенин эстен чыгарбайлы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер