Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чек арачылардын айлыгына 5 миң сомдон кошулат

Чек арачылардын айлыгына 5 миң сомдон кошулат

07-май, 14:53
819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМКга караган чек ара кызматындагылардын айлыгы көтөрүлөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, чек арачылардын айлыгын көтөрүүнү өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы чатак башталганга чейин эле пландап жаткан.

"Чек арадагы жаңжал башталганга чейин эле өкмөт чек арачылардын айлыгын көтөрүп, УКМКнын кызматкерлеринин маянасына теңөө боюнча токтом долбоору даярдалган. Себеби аталган кызмат Улуттук коопсуздук боюнча комитетке өтпөдү беле. Документ боюнча бул үчүн 700 миллион сом керек. Учурда маселе дээрлик чечилип, эми токтомго кол коюу гана калды. Кыязы 1-майдан тарта чек арачылардын айлыгы көбөйүп, орточо эсеп менен беш миң сом кошулат", — деди Кармышаков.


“Спутник”

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер