Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбалык Жумалиева: “Азырынча талапкерлердин одоно мыйзам бузуулары каттала элек”

Акбалык Жумалиева: “Азырынча талапкерлердин одоно мыйзам бузуулары каттала элек”

27-февраль, 22:30
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбалык айым, ордо калаанын эки району боюнча ЖКга талапкерлердин үгүт иштери кандай жүрүүдө?

-- Баарыбызга белгилүү болгондой, 27-февралга дайындалган №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча ЖК депутаттарын кайра шайлоо өткөнү турат. Эки округ боюнча 72 талапкер арызын берген. Алардын ичинен 14 талапкер шайлоодон баш тартып, 51 талапкер катталды. Ошентип Биринчи Май боюнча 27, Свердлов округу боюнча 25. Үгүт иштери жакшы темпте жүрүүдө.

-- Буга чейин ушул эки район боюнча талапкерлердин кимисине эскертүү берилди, кимиси мыйзам бузуунун айынан четтетилди?

-- Албетте, арыз-даттануулар болуп атат. Бүгүнкү күнгө чейин 25 арыз БШКга түшкөн. Аларды анализдеп карай турган болсок, көпчүлүгү мыйзамга туура келбеген жайларга үгүт материалдарын жайгаштырганы айтылат. Алсак, 100 метр аралыкка жетпеген мектептердин жанына баннерлер илинди делип. Мунун баары БШК тарабынан жеринде текшерилип атат. Кээ бирлерине эскертүү берилгенден кийин көрнөк-жарнактар алынып салынды. Ошол эле учурда кээ бир маселелер укук коргоо органдарына тактоо жана укуктук баа берүү иретинде жөнөтүлдү. Анткен менен бу жолу шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу жагы жокко эсе. Азыркы кезге чейин жазуу түрүндө эскертүү берилген жана айып пул салынган учурлар болгон жок. 

-- Талапкерлердин күрөөгө коюлган каражаттары кандай учурда кайтарылат жана кандай учурда кайтарылбайт?

-- Талапкерлердин күрөөгө койгон каражаттары тууралуу айтсак, эгерде талапкер шайлоо болгон күнү добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан жогору добушун алган болсо күрөөсү кайтарылат, аз болсо күрөө кайтарылбайт.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер