Айсаракан Абдибаева, ЖК депутаты: “Биздин элибиздин нарктуулугу, бийиктиги – кыздарыбыздын уяттуулугунда”


-- Айсаракан Нышановна, блогер кыз Жанара Осмоналиеванын үч суткага камалышы боюнча пикириңиз кандай?
-- Кыздарыбыз элибиздин салтына жараша татынакай кийинишсе жакшы болот. Менталитетке жараша заманбап, жакшынакай кийимдерди кийип жүргөнүбүз биздин өзүбүзгө, балдарыбызга, келечектеги жаштарыбызга үлгү. Жанагындай жүрүм-турум чындыгында биздин жаштарга туура келбейт. Ал эми блогердин камалышы боюнча айтсам, коомчулукка туура эмес үлгү көрсөтүп, тескери оюн билдирип атса, ошого жараша мыйзам чегинде жазасын алышы керек.
-- Ага карата жазанын башка түрүн, айталы, айып пул салууну колдонсо болот беле?
-- Ал мыйзам бузган кишинин жүрүм-турумуна да жараша эмеспи. Эгер ал өзүнүн мыйзам бузганын сезип, кечирим сураса, ошого жараша жаза колдонулушу мүмкүн. Жок, “меники туура, силер каалаганыңарды кылгыла” десе, анда мыйзам чегинде чара көрүлөт. Баары мыйзамдуу каралышы керек. Бизде аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулук боюнча өзүңүздөр көрүп атасыздар, көп оор кылмыштар болууда. Биз, эл өкүлдөрү ошол көрүнүштөрдү кичине кыскарталы деп мыйзамдарды кабыл алганбыз. Бирок, биз быяктан мыйзамды өзгөртүп, кичине болсо да аялдардын, балдардын укуктарын коргоп, ыдык көрбөй, жакшы жашашына шарт түзүп жатканда, жаштарыбыздын мындай чыгышы да туура эмес. Баарыбыз мыйзамды сыйлоого тийишпиз. Биздин элибиздин нарктуулугу, бийиктиги – кыздарыбыздын уяттуулугунда да.
"Азия Ньюс" гезити











