Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Алдамайдын түрү арбыды: көмүрдүн жарымы таш, сүттүн жарымы суу...”

“Алдамайдын түрү арбыды: көмүрдүн жарымы таш, сүттүн жарымы суу...”

13-сентябрь, 11:21
1 322 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Көрсө, өлүм адам баласынын башына келген эң сонун нерсе экен. А биз анын баркын билбей качабыз”. 

Ушул сөзүң таңгалдырды. Философиялуу ой. Эмнеге мындай ойдосуң?

Назира Айтбекова, алып баруучу:

-- Өлүмдөн башкалар сындуу коркчумун. Кийин гана өлүм болбосо, өмүрдүн даамы чыкпасына көзүм жетти. Өлүм бар үчүн жазганып, жаман иштерди жасабай, жакшы жашаганга аракет кылат экенбиз. Өлүм бар үчүн жер, эл жаңырып турат экен. Өлүм бар үчүн маңыздуу жашап калайын деп жанталашабыз. Ал жакты эмнегедир укмуш таттуу, сонун, жарык элестетем. Өлүмдү кабыл алганым үчүн жашоо көрктүү, жеңил болуп калды!

-- Тирүүлүктө баарынан эмне баалуу?

Ырысгүл Изатова, акын:

-- Мен үчүн тирүүлүктө убакыт жана адам көңүлү баалуу. Убакытты токтото албайбыз. Ал кандай гана учур болбосун өзүнүкүн бербей жылып кете берет. Ал эми адамдарга жакшылык кыла албасак, баалай албасак, анда бизге жашап деле кереги жок. Качан биз адамды адам кадырлай алган мүмкүнчүлүккө жетсек, бактылуулардын катарында болмокпуз. Бирок, тилекке каршы, “өзүм гана” деп жашаганды үйрөнүп калдык. Ошол негедир мени көбүрөөк тынчсыздандырат.


-- “Өлгөндөн эмес тирүүлөрдөн корк” дегенге кандай карайсың?

Айпери Рахманбердиева, жарандык активист:

-- Алдамайдын түрү арбыды: көмүрдүн жарымы таш, сүттүн жарымы суу. Алманын сыртын кыпкызыл кылып боёп коюшат, ичи болсо жегенге болбойт, даамсыз. Аңдымайдын түрү бар: бирөөнүн чөнтөгүн, төшөгүн, креслосун аңдымай. Эптеп эле аны кетирип, ордуна отура калсам дегендер. Чукумайдын да түрү бар: бирөөнүн айыбын, күнөөсүн, жарасын сөз кылмай. 

Ал эми өлүмдүн түрүн (эми аны айтпай эле коёюн, баары билет) баарын тирүү   адам жасап жатпайбы. Өлгөн адамды алып барып көмүп койдук, жатат. Же сиз уктуңузбу, өлгөн адам келип төмөнкү нерселерди жасаганын?! Өлүктөн эмес тирүүдөн, өлүмдөн эмес Кудайдан коркуп жашаш керек!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер