Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Азыр токойлорду бузуп алсак, мунун кедерин 20-30 жылдан кийин көрөбүз”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Азыр токойлорду бузуп алсак, мунун кедерин 20-30 жылдан кийин көрөбүз”

09-март, 12:00
299 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, токой боюнча аябай жакшы пикир айттыңыз. Чын эле ага өзгөчө мамиле керек го?

-Токой чарбасын ар кайсы жактан алып эле улам бир министрликке кошуп атат. Азыр ӨКМге кошту. Токой саясатын жетекчи жүргүзөт. ӨКМ министри токойчу болбосо, ал эмнени билет? “Токойго муну эгип, муну тазалаш керек деп багыт бериш керек. Токой  бул бир эле дарак эмес, анын ичинде экосистема бар. Андагы дээрлик айбанаттар ооруйт, чөптөр ооруйт. Мисалы, Жалал-Абадда көйгөй бар, жалбырактын баарын курт жеп жатат, анын үстүнөн уу чачып, дарылоо кажет. Токойчулардын айлыгын көтөрүп, ар кандай маселеде жардам берүү зарыл. Анан өзүнөн-өзү өскөнү, тигилгени бар дегендей. Жөн эле бир бак менен бир бакты кошуп тиге берген болбойт, ар биринин өзүнчө системасы бар. Бул эбегейсиз чоң илим да. Токой жай өсөт, 20-30-40 жылда жетилет. Азыр бузуп алсак, мунун таасирин дагы 20-30 жылдан кийин көрөбүз. Токой бузулса сууга таасири тийет, абага, жерге, жайытка кедери тийет. Жайыт жерлердин баарына токой тиге албайбыз. Токой тигип салсак эл малын кантип багат? Ошондуктан, жергебиздин экологиясын, тоосун, суусун сактоону ойлосок, токойду өзүнчө түзүм кылып, “эртең мындай, бүрсүгүнү тигиндей кылабыз” деп план менен иштөө керек. “Ак илбирсти коргойбуз” дейбиз. Ак илбирсти кантип коргойбуз, эгер кийиктин баарын браконьерлер атып атса? Илбирстер болсо чабандардын коюна кол салып атат. Себеби, алар тамактана турган кийиги менен сууру аз калып баратат... Көрдүңүзбү, ушунун баары бири-бири менен өз ара байланыштуу.

-- Сиз айткандай, бизде өндүрүштүк токой жок да, экологиялык эле токой бар.

-Мен ошону түшүндүрө албай жатам да. Биз Сибирь эмеспиз. Россиядагыдай миңдеген гектар токойлорубуз жок. Биз аларды кыя албайбыз. Алар экологияны сактоочу токойлор. Аларды өндүрүштүк токой кылууга мүмкүн эмес. Шамалдан жыгылгандарын, курт жегендерин гана санитардык тазалоо жүргүзсө болот. Алар аз эле санда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер