Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Салттуу режимде окутуу боюнча даярдыктар жүргүзүлүүдө

Салттуу режимде окутуу боюнча даярдыктар жүргүзүлүүдө

17-декабрь, 12:07
1 054 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте атайын мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарда, ошондой эле мектептердин алдындагы коррекциялык класстарда окутууну салттуу режимде жандандыруу боюнча даярдыктар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мериясынын билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды салттуу режимде окутууну жандандыруу чечими кабыл алынган. Бардык санитардык шарттар билим берүү жана илим министрлиги жана саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген. Атайын жалпы билим берүүчү уюмдардын ишинде коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды (COVID-19) сактоо боюнча иш-аракеттер алгоритмине ылайык көзөмөлдөнүүгө тийиш.

Балдардын ден соолугун коргоо максатында аталган билим берүү уюмдарынын мугалимдери Бишкек шаарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын чечимине ылайык, акысыз түрдө ПЦР-тесттен өтүштү.



«Азия Ньюс» гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер