Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Нааразычылык улана берсе, чоң толкундоолор жаралышы мүмкүн”

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Нааразычылык улана берсе, чоң толкундоолор жаралышы мүмкүн”

12-декабрь, 09:00
663 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- ККМге каршы чыккандар айтышууда. “Салык менен өлкөнү өнүктүрүү караңгылык! Өлкөнү өндүрүш гана алга сүрөйт!” дегендей. Дегеле өкмөттүн салык саясаты боюнча кандай ойдосуз?

-- “Салыкты мынча көп чогулттук, ИДПны триллионго чыгардык, узун жол салдык, тигинче техника турат, түкүнчө курал-жарак сатып алдык деп айтып, отчетторду берип, каалаганча графиктерди тарта берсе болот. Бирок фактылар, элдин жашоосу, экономиканын деңгээли, реалдуулук башка. Бүгүнкү күнгө кыргыз мамлекетинин тышкы карызы 6 миллиард долларга жакындады, жакында эле быйылкы кыштан чыгуу максатында 25 миллион доллар карыз алышты, элге суу чыгарып берүү үчүн 18.6 миллион евро алышты. Бул элге жеткени. Чынында өкмөттүн иши жалаң эле салык көтөрүү, аны жылда өзгөртүү, элдин нааразычылыгы менен күрөшүү гана болууда. Реалдуу реформа, өзгөрүү, өнүгүү жөнүндө сөз да жок. Саламаттык сактоо, билим берүү, сот, прокуратура, күч органдарынын реформасы болдубу? Жок. Мисалы, эки жылда 8 ирет билим берүү министринин алмаштырылышы – министрликти талкалоо да. Чоң базарлар митингге чыкса, аларга башка мыйзам жаза коюу, эл толкуса демалыш күнү чогула калып, соодагерлердин бир бөлүгүн салыктан бошото коюу, үчүнчү күчтөргө шылтап салуу адатка айланды. Өкмөт өзү кетирген катаны мойнуна алуунун ордуна жандалбастап жатат. Президент жазылган отчетторго, тартылган графиктерге, утопиялык-теоретикалык пландарга, цифралардын кубулушуна эмес, реалдуу экономикалык абалга, элдин оорлоп кеткен жашоосуна көңүл бурса. Азыр абал ушундай болуп жатса, жазда эмне болоруна көңүл буруп, анализдеп, кардиналдуу чечимдерди кабыл алса болмок.

-Президенттин “салыкчылар өздөрү өзгөрүүлөргө даяр эмес” деген пикири өкмөт башчынын отставкага кетүүсүн камсыздаган пикирби?

-Жаңы Конституциянын негизинде аткаруу бийлигине бир адам жооптуу делген. Эки жылдан бери эл ичиндеги нааразылык, акыркы күндөрдөгү масштабдуу митингдердин себеби ойлонулбаган салык саясаты. Аны өздөрү да моюндашты. Президент былтыр да эл кыдырып, ага берген маалыматтар боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатты, бирок ошол берилген маалыматтар, салык саясаты бүгүнкү экономиканын, элдин талабына жооп бербей жатканына көңүл бурса болмок. Экономикалык, социалдык абал начарлап, нааразычылык улана берсе, мындан да чоң толкундоолорго алып келери шексиз. Өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатына президент тарабынан кылдат анализ жана кардиналдуу чечимдер болушу шарт. Жаңы өкмөт курамы азыркы саясатчыларга тийешеси жок, заманбап ой жүгүрткөн, техникалык өкмөт болуусу керек деген ойдомун. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер