Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси алмашты

“Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси алмашты

27-апрель, 12:13
614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев кызматынан алынып, анын ордуна Медербек Шерметалиев дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик маалымат агенттигинин жетекчисинин алмашуусунун себеби айтылган жок. Бир күн мурун бул агенттик президент Садыр Жапаровдун кенен маегин жарыялаган.

Кубанычбек Таабалдиев “Кабар” маалымат агентигин 2011-жылдан бери башкарып келген. Медербек Шерметалиев буга чейин бир нече мамлекеттик жана менчик телеканалдарда журналист болуп иштеген. Акыркы учурларда социалдык тармактардагы өзүнүн баракчасында президенттин саясатын колдоп, иш-аракеттерин жарыялап келет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер