Педофилия гана эмес, этноцид саясаты менен да күрөшүү үчүн мектептерге «Нарк таануу» сабагын токтоосуз киргизүү зарыл


Улутум кыргыз, урааным Манас!
Теңирим жалгап, Кыдыр-Умайым (Кудайым) колдосун!
Мындан 3-4 күн мурда белгилүү дин таратуучу Өзүбек Чотонов Бишкек шаарындагы бир топ мамлекеттик мектептерге барып, «менин үч аялым бар. Эми төртүнчү аял издеп жүрөм» деген мазмунда даават айтканын бир катар сайттар жазып чыгып, коомчулукту безге сайгандай чочутса, 2022-жылдын 13-май күнү кыргыздын таланттуу кыздарынын бири Назира Айтбекова Фейсбук тармагына көкүрөктү кысып, көөдөндү кыйнап онтотсо да, буга чейин көмүскөдө көлөкөлөнүп келген оор көйгөйлөрдүн бири болгон педофилия маселесин көтөрүп чыкты.
Эсиңиздерге салсам, Конституция боюнча Кыргыз Республикасы дүйнөбий (светтик) мамлекет болгонуна карабастан, акыркы 29-30 жыл ичинде жалпы республика боюнча жаңы мектептерди салуу экстенсивдүү жүргүзүлгөнүнө, же такыр эле жүргүзүлбөгөнүнө карабастан, мечиттер менен медреселерди салуу өтө интенсивдүү жол менен жүрүп, 1991-жылдан 2019-жылга чейин өлкөдөгү мечиттердин саны 70 эсе (!) өскөн.
Логика боюнча мечит-медресенин саны 70 эсе өссө, демек, адеп-ахлак да 70 эсе өсүш керек эле. Тилекке каршы, тенденция теңирден тескери кетип, бүгүн «өзөктүү идеологиясы жок, же өнүгүү планы иштелип чыкпаган мамлекеттин жаркыраган келечегин бешиктен бели чыга электе эле тагдыры талкаланып, тамыры кыркылган жаш муундар менен кантип курабыз?» деген көйгөй оорулуу коомубуздун көкөйүнө көк таштай тийип олтурат.
Баарыбыз билгендей, дүйнөбий (светтик) Кыргыз Республикасы – биздин Айкөл Манас атабыз курган мамлекеттин тарыхый мураскери. Ал эми кыргыздар болсо мамлекет түптөгөн улут (государствообразующая нация) болуп саналышат.
Кийинки кездерде мени гана эмес, сергек ой жүгүрткөн ар бир кыргызды өзгөчө ойлонткон орчундуу тема болуп өлкөбүздү радикалдуу диний агымдар каптап, мамлекет түптөгөн улут (государствообразующая нация) болуп саналган кыргыз элин этноцид деп аталган кыянаттуу кесепетке алып бара жатканы эсептелет. Этноцид деген термин грек тилиндеги этнос – эл, улут жана латын тилиндеги сидос – кырып жок кылуу деген сөздөрдөн алынган.
Өзүңөр билгендей, геноцид – бул тукум курут, ал эми этноцид – бул улут курут менен байланышкан өзгөчө оор мүнөздөгү жана мөөнөтсүз (без срока давности) тарыхый кылмыштар болуп саналышары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) «Декларация Организации Объединенных Наций о правах коренных народов» деп аталган расмий документинде кашкайта көрсөтүлгөн.
Геноцидде кандайдыр бир жамаатты улуттук, маданий жана диний белгиси боюнча физикалык формада кырса, этноцид ошол жаматтын улуттук иденттүүлүгүн жана социалдык аң-сезимин (тилин, тарыхын, каада-салттарын, баалуулуктарын) жок кылат.
Баарыбыз көрүп, билип тургандай, акыркы эле 20-30 жылдын ичинде миңдеген жылдардан бери көздүн карегиндей сакталып келе жаткан
-- тилибизге («кыргызча бата берсең бир сооп, арабча дуа кылсаң он сооп», «бейиште арабча сүйлөшөт, акыретте сурак арабча болот» ж.б.);
-- салтыбызга («салтыңды урдум», «салттан шариат бийик турат» ж.б.);
-- маданиятыбызга («кошок кошкон, өкүргөн күнөө», «ырдаган, бийлеген, комуз черткен ширк» ж.б.).
Бөлөк улуттун өкүлдөрү тарабынан эмес, өзүбүздүн кыргыздын эле уул-кыздары тарабынан тарыхый кыянаттык иштер жасалып келүүдө.
Жогоруда айтылгандардан улам, Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин баардыгында 1-класстан 11-класска чейин белгилүү бир ырааттуулуктагы программа боюнча түзүлүп, кыргыз жана орус тилдеринде сунуш кылынган «Нарк таануу» («Введение в национальный этикет») деген сабак токтоосуз түрдө киргизилиши керек.
«Нарк таануу» («Введение в национальный этикет») деп аталган сабак өз кучагына мамлекет түптөгөн улут (государствообразующая нация) болуп саналган кыргыз элинин
- вербалдык маданиятын (бата, тилек баш болгон кеп маданиятынын маани-маңызын),
- вербалдык эмес маданиятын (мейкиндикти кабыл алуусу: космология жана астрономия, аралык жана узундук ченемдери, төр-улага, эр жак-эпчи жак, чыгыш-батыш, түндүк-түштүк ж.б., убакытты кабыл алуусу: убакыт ченемдери, убакыт аталыштары жана мүчөл календары, улуу-кичүүгө мамиле ж.б.; дене кыймылдары (амандашуу, жүгүнүү, бий, өз боюна карап-күтүү, кийинүү маданияты, дене кыймылдарына байланышкан тыюу салуулар жана эрежелер),
- үй-бүлөдөгү мамиле (ата-эне, ата-бала, эне-кыз, ата журт, жети ата принциби, эне журт, жети эне принциби, кайын журт менен байланышкан нарктуу мамилелер),
- коомдогу мамиле (конок күтүү, дастокон жаюу, атанын нарктуу уулун тарбиялоо, кызга кырк үйдөн тыюу ж.б.),
- саясый мамиле (эл баккан уул-кыздын саясый этикети: саясый жүрүм-турум эрежелери) жаш муундарга окутуп-үйрөтүүсү абзел.
«Нарк таануу» («Введение в национальный этикет») деген сабак аркылуу көп улуттуу кыргызстандыктарды бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган бирдиктүү улут катары тарбиялап, ааламдашуу (глобализация) саясатынын шамалына айдалып кетпей, улут катары сакталып калууга көмөк берген идеологияны түптөө мүмкүндүгүнө ээ болобуз.
Гүлзат Аалиева, философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу











