Акыркы кабарлар
» Саясат » Канатбек Исаев эмне кылды эле?
Канатбек Исаев эмне кылды эле?
03-июль, 21:33

Экс-спикер Канатбек Исаевге кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганы кабарланган. Чет өлкөдө баш калкалап, жашырынып жүргөнү айтылууда, бирок кайсы жерде экени белгисиз. Ага карата абактагы Тилекмат Куреновдун көрсөтмө бергени ыраспы? Ошонун негизинде балээнин баары башталганбы? Себеби, Куреновду кармап келишкенден кийин Исаевди издеп, таппай калышкан. Негизи ал бийликке кандай коркунучтарды келтиргени жарыяланган эмес. Коомчулукка чыкпаган көп маалыматтар болушу мүмкүн. Атайын кызмат конкреттүү түрдө айыбын угуза элек. Канатбек Исаев да өз чындыгын айтпай келет. Андыктан кандайдыр бир тыянак чыгарууга эрте.
"Азия Ньюс" гезити