ТИМге көз арткан Эдил Байсалов мүдүрүлүп жыгылбаса экен...

Чындыгында Эдил Байсаловду “аты улук, супарасы курук” кызматы өзгөрттү. Мансап кумарына батып, көкөлөп калганы качан? “Эски тепшисин” эбак эле унуткандай. “Жетсе да башың булутка, жердеги бутуңду унутпа” деп акыл айткан киши жок окшойт. Мейли эми, келечеги алдыда, өсө берсин! Бирок, кайда дейсиңерби? Соңку кездери Эдике тышкы иштер министри болууга тымызын аракет жасап, бул максатына жетүү үчүн түрдүү жолдорду издеп, узун колдору менен тырмышып жаткан убагы. Дипломатия айдыңында терең кайнабаса да, амбициясы ашынып, катуу далбас урууда. “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” демекчи, эртеңки күндү так кесе болжоп болбойт. Эмоциялуу, урушчаак вице-премьер-министрди элестетип атасыңар да, “камырдан кыл сууругандай” кылдат дипломатка айлана алабы? Айтор, ТИМге эле көз артып калды. Мүдүрүлүп жыгылбаса экен...
"Азия Ньюс" гезити