Кумтөр жана үрөй учурган таштандылар
«Кумтөр Голд Компани» Кумтөр кенинде «канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын» билдирди.Бул тууралуу 5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылат.
Анда көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин жардамы менен аныктоого мүмкүн болгону белгиленген.
«Казуу иштерине катышкандардын баары таңгалып жатышат. Экологдордун айтымында, мындай калдыктар көмүлгөн жерлер кендин дээрлик бардык аймагында бар. Аларда тиричилик таштандылары менен аралаш уулуу калдыктар да чогуу көмүлгөн – химиялык реагенттердин таңгактары, май фильтрлери, эски дөңгөлөктөр, тоо-кен техникасынын тетиктери жана бүтүндөй унаалар бар» деп жазылган билдирүүдө.