Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илон Маск, Марк Цукебергдин өлкөсүндө гезит окулуп атса, Камчыбек Ташиевдин мекени караңгылыкка батабы?

Илон Маск, Марк Цукебергдин өлкөсүндө гезит окулуп атса, Камчыбек Ташиевдин мекени караңгылыкка батабы?

08-июль, 18:30
4 444 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Илон Маск менен Марк Цукеберг гезит окушат экен. Алардын өлкөлөрүндө басма сөзгө жакшы шарттар түзүлүптүр. Мындайча айтканда, аптасына жүз миңдеген, миллиондогон нускада гезиттер чыгып атканын интернеттен окуп, таанышууга жетиштик. А биздин өлкө бул жагынан теңирден тескери кетүүдө. Бишкек шаарында барган сайын киоскилер жабылып, “колу-бутту кырккандай” эле абал түзүлүүдө. Буга чейин Эмилбек Абдыкадыров мэр кезинде көптөгөн гезит саткан киоскилерди алдырып салса, андан кийинки келген Айбек Жунушалиев да кыянаттыгын токтотпой келет. Шаар жетекчилиги басма сөздүн өнүгүшүнө шарт түзбөсө да, жок дегенде бут тоспой койсо не? Соңку убакта Бишкектин асфальтталган көчөлөрүндөгү киоскилерди алдырып салышыптыр. Ушунчалык да түркөйлүккө барышабы? Уят, сөз жок! Агартуучулукка, аң-сезимди өстүрүүгө сокку урулууда. Мындай көрүнүш Ош шаарында дагы уланууда. Кызык, Илон Маск, Марк Цукебергдин өлкөсүндө гезит окулуп атса, Камчыбек Ташиевдин мекени караңгылыкка батабы? Ойлоно турган кез келди. Ташиев өзү кийлигишип эле гезит-журналдардын өнүгүүсүнө шарт түзбөсө, башка чиновниктердин мээлери жетпейт окшойт.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер