Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Диагноз койгону жакпай калса эле врачтарга кол көтөрбөш керек да”

-- Айсулуу Турусбековна, эң оболу депутаттык мандат алышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиз өткөн чакырылышта аябай жигердүү иштегенсиз, эми да эл үчүн тыным албай иштеп бересиз деген үмүттөбүз.
-- Чоң рахмат!
-- Аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн кандай чаралар зарыл деп ойлойсуз?
-- Биринчи кезекте, жоопкерчиликти жогорулатуу керек. Мыкаачылык көпчүлүк учурларда ата-энеси жок, аз корголгон балдарга карата жасалат. Тилекке каршы, зордукчулар биздин укук коргоо органдары менен тил табышып, жазасыз кутулуп кеткен учурлар жок эмес. Андай болбоого тийиш. Милиционер болобу, мектептин жетекчилиги, же үй-бүлөнүн башчысы болобу, ар ким өз милдетин так аткарышы керек. Дал ошол жоопкерчиликке тартылбаганы үчүн зөөкүрлөр кайра-кайра кылмышка барышат.
-- Жакын арада кандай мыйзамдарды демилгелейин деген оюңуз бар?
-- Алтынчы чакырылышта алимент боюнча мыйзамдын үстүндө иштеп, ал кабыл алынган. Бирок, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу анын үстүнөн кайра иштейм деген оюм бар. Анан врачтарды коргоо, ошол эле учурда алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча мыйзам даярдамакчымын. Себеби, акыркы кездерде биздин ак халатчандарга кол көтөргөн учурлар абдан көбөйдү. Медиктерди коргобосок болбой калды. Бул кайра айланып келип эле мен жогоруда айткан жоопкерсиздиктин маселеси болуп жатат. Укол жасаганы, же диагноз койгону жакпай калса эле врачтарга кол көтөрбөш керек да...