Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Никеден кийин сүйүү башталат” дегенге ишенбей калдым

“Никеден кийин сүйүү башталат” дегенге ишенбей калдым

16-октябрь, 08:00
2 233 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөгө тийгемКөрсө, ата-энемдин ыраазычылыгы үчүн эле турмушка чыгып алыпмын. Жаш экенмин деп азыр өкүнөм. Ортодо балдарыбыз бар. Күйөөм “сүйөм эле сүйөм” деп жүрүп баш кошконбуз. “Никеден кийин сүйүү башталат” дегенге ишенбей калдым. Себеби, жолдошумду эч эле сүйө албай койдум. Канчалык аракеттенбейин, жүрөгүм жылыбай койду. Балдар үчүн эле жашап жүрөм. Көңүлүм дайыма чөгүп, ажырашып кетким келет. 

Жашаганыбызга он жыл болду. “Балдар үчүн” деп атып, өзүм кыйналып кеттим. Ажырашсам кичинекейлерим атасыз калышат. Жүрөгүмө жакпаган адам менен жашап, бир өмүр өкүнүп өтөмбү? Сүйлөшсөк эле урушуп кетебиз. Дайыма жандүйнөмдү оорутуп сүйлөйт. Ал башкага кетип, аны менен бактылуу болуп кетсе кубанмакмын. Апам “ушул бала жакшы” деп мажбурлап берип салган эле. Өзүмдүн жигитимди “жакыр” деп тоготпой койгон. Ал кезде каршы болгондон уялсам керек. 

Ошондуктан ата-энелерге кайрыларым, кыздын да көңүлүн карап коюңуздар. Байлык менен бактылуу кыла албайсыздар. Кызыңардын сезимине карагыла. Албетте, менин апам да “бактылуу болсо экен деген. Азыр эч нерседен кем эмесмин, бирок сүйүү жок. Күйөөмдүн орой мамилеси ар бир күнү көңүлүмдү чөгөрөт. Ушинтип жашоомду уланта беришим керекпи? Кандай кадамга барарымды билбей отурам... 


Залина  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер