Кымбатчылыкты теңиртоолуктар жонтериси менен сезе баштады

Туугандар, бийлик башындагы агалар, Нарын облусу толук дотацияда отурат. Акыркы учурдагы статистика боюнча тышкы миграцияга кеткен нарындыктар көбөйдү. Ар бир үй-бүлөдөн бирден уул-кызы чет жакта темселеп жүрүшөт. Бир айылда 2000 адам жашаса, анын 1900ү жумуш орду жок бош жүрүшөт. Жылдан жылга кургакчылык күчөп, жайыттар такырланып, мал менен жан сактоо дагы оорлоп баратат. Кымбатчылыкты теңиртоолуктар жонтериси менен сезе баштады. Кредит төлөй албай ар бир үй кыйналууда. Жаштар алектенчү эчтеке жок. Жакырчылык. Эгер мындай абал улана берсе, жыйынтыгы жакшы болбойт. Муну ачык эле айтам.
Садыр ава, сиз шайлоо астында “Нарындагы Жетим-Тоо темир кени, көмүр кендери, алтын казууну өзүбүз иштетебиз” деп сөз берген элеңиз. Эгер бул кендер казыла баштаса, Нарын облусуна гана эмес, Кыргызстан үчүн жүз жылдык ири долбоорлор болот эле. “Кен байлыктарды казып, өнүгүү жолуна түшөбүз” деген тилектер кайда калды? Же “итке темирдин кереги эмне?” дегендей жүрө беребизби? Нарын району, шаары жана жалпы элибиз качанкыга чейин жакыр жашайт? Иштебейлиби, өнүкпөйлүбү?.. “Нарын облусун качан көтөрөсүңөр?” деген суроо жалпы жаштардын мүдөөсү.
Урматбек Акунов
"Азия Ньюс" гезити