Министр Кулубаевдин Арменияга жасаган сапары көйгөйлөрдү жаратабы?

2025-жылдын 23-январында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жумушчу сапар менен Арменияга барып, тышкы иштер министри Арарат Мирзоянга жолукту. Кыргызстандын ТИМинин басма сөз кызматы мындайча маалымат таратты. «Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелердин учурдагы абалын, аларды мындан ары кеңейтүүнүн перспективаларын карап чыгышты. Тышкы иштер министрлери саясый жана соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендигин билдиришип, бул багытта чоң потенциал, кеңири инструменттер бар экенин белгилешти».
Министрдин Түштүк Кавказга болгон бул алгачкы сапары көптөгөн суроолорду жаратты. Мисалы, бул сапарды акыркы жылдары эки тараптуу мамилелери ыкчам өнүгүп жаткан Азербайжанда кандай кабыл алышат? Арменияда Кыргызстандын элчилиги гана эмес, консулдугу да жок, ал эми коңшу Азербайжанда болсо Кыргыз Республикасы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуп, өнүктүрүүгө багыт алган. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы мурдагы элчиси, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Түрк мурастар борборунун башчысы, профессор Кайрат Осмоналиевден комментарий алдык.
Кайрат Осмоналиев: «Түштүк Кавказга болгон визит Бакуга жасалышы керек эле»
-- Бул визитти, жумшак айтканда, «кызыктай» деп атайт элем. Министр Кулубаевдин өзү айткандай, «сапар үчүн сапар» болду. Анткени бул жүрүштү негиздей турган олуттуу себептерди көргөн жокмун. Биринчиден, Түштүк Кавказ аймагына болгон визитти Бакуга жасоо керек эле. Анткени былтыр апрелде Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов расмий сапарда Бишкекке келип, Кулубаевди жооп сапары менен Бакуга чакырган. Мен ошол жолугушууга катышкам. Министр Кулубаев Байрамовго «ардактуу бир тууганым» деп кайрылып, Бакуга келүүнү убада кылган. Бирок биздин министр Түштүк Кавказга барып, Бакуну эмес, Ереванды тандап алды. Бул мага кызыктай сезилди. Андан тышкары, 2022-жылы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди орнотуп, 2024-жылы аларды тереңдеткен Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелердин динамикасын эске алганда, бул кадам логикага сыйбайт. Ошондой эле эки өлкөнүн (Азербайжан-Армениянын) ортосундагы чыңалган мамилелер бар экенин баарыбыз билебиз. Ереванга болгон визит кыргыздар менен азербайжандыктардын мамилесин бекемдейт деп ойлобойм.
Ереванга болгон сапардын жыйынтыгында эки гана документке кол коюлду. Алар да, менин оюмча, аткарылбай турган программалар – эки өлкөнүн ТИМдери жана дипломатиялык академиялары ортосундагы кызматташтык программасы. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу ниети айтылган, бирок бул да реалдуу эмес нерседей көрүнөт. Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик нөлгө барабар, эгер Армениядан эски автоунааларды реэкспорттоону эсепке албасак. Бул сапардын пайдасыздыгы айкын, аны кыргызча «жөн эле сапар» деп айтууга болот. Аныгында, биздин стратегиялык өнөктөшүбүз Азербайжандын, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө башка өлкөлөргө да өөн учурашы мүмкүн.
Кыскача айтсам, Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүк гана эмес, союздаштык мамилелери бар. Россияда биздин бир миллионго жакын жарандарыбыз жашашат, экономикалык байланыштарыбыз да абдан күчтүү. Министр Кулубаев бул визитти кызматка дайындалгандан кийин эки жарым жылдан кийин гана ишке ашырды, бирок өзүнүн россиялык кесиптеши менен алда канча эртерээк жолугушушу керек болчу. Анда да бир эле жолу эмес, анткени талкууну жана чечүүнү талап кылган абдан көп маселелер бар.
Эске сала кетсем, министр Кулубаев өзүнүн биринчи расмий визитин эки апта мурун коңшу Казакстанга жасаган. Мурда ага россиялык жана казак кесиптештеринен чакыруу болуптур. Жаңы дайындалган тышкы иштер министри, президент сыяктуу эле, адегенде Москвага барчу, министр Кулубаев жылдар бою сакталып келген бул практиканы бузгандыгын айгинелейт. Ал президент менен макулдашпай туруп, өз алдынча саясат жүргүзүп жаткандай. Ал эми дипломатияда биринчи сапар катары тандап алынган өлкө өзгөчө мааниге ээ. Казак министри дайындалган соң биринчи сапарын Москвага жасаганы белгилүү. Жыйынтыкты өзүңүздөр чыгарыңыздар.
Соңку сөз
Министр Кулубаев ЖККУ (ОДКБ) алкагында кызматташтыкты талкуулап жатат деп болжолдосо болот эле, бирок Армения бул уюмдагы катышуусун токтотконун баары билет, о.э. Кыргызстандын ТИМи муну бир ооз сөз менен да айткан эмес. Андан тышкары, министр Кулубаев бул багытта бир нерсе жасай алышы кыйын…
Министр Кулубаев Ереванга Москвага расмий сапар жасагандан кийин учкан экен. 22-январда Кыргызстандын жана Россиянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу актуалдуу маселелердин кеңири спектрин, ошондой эле саясый, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. Бул сапар айдан ачык түрдө маанилүүбү?..
"Азия Ньюс" гезити