Клара Сооронкулова, саясатчы: “Мага карата кыскартылган ишти 2023-жылы мартта козгоп чыгышты”
-- Клара айым, “кемпирабадчылардын” сотунан кеп салсаңыз?
-- “Кемпирабадчылардын” соту 20-декабрда башталды. Айыптоо актысын окуп, аягына чыккан жок. 27-декабрга жылдырылды. Мындайча айтканда, соттук иштер жаңы башталууда.
-- Сизге кандай күнөө коюлуп атат?
-- Мага айыпты камап алып издешти. Кемпир-Абад боюнча эч нерсе таба алышкан жок. Көбүнчө соцтармактагы постторубузду тинтип карап атышты. Тилекке каршы, менин андай бир да постум жок эле. Анткени өзүм ал иш-чараларга аралашпай, сыртта жүргөм. Анан эчтеке таппай айлалары кетип, Фейсбукту тинтип, 2022-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясындагы Мирлан Ураимовду камап, камагандар Фейсбугундагы аккаунтун бузуп, өздөрү пост жазып, айып тагышкан. Мына ошондо “Бүтүн Кыргызстандын” балдары флешмоб кылышып, “мени да камагыла” деп перепост кылып чыгышкан. Мен да флешмобго катышкан жайым бар эле. Анда мени да чакырып, соттук териштирүү болуп, жагдайды түшүндүргөндөн кийин, экспертиза тыянак чыгарып, “эч кандай чакырык болгон эмес” деп кылмыш иши кыскарган. Ошол кыскартылган кылмыш ишти кайра 2023-жылы мартта козгоп атышат. Бул жерде баардык “кемпирабадчыларда” эч бир мыйзамсыз аракеттер болгон жок. Менде мыйзамсыз аракет эмес, мыйзамдуу аракеттер да болгон жок.