Өмүрдүн ушунча кыска экенин билгенимде, балким баары башкача болор беле?
Бул киши ушунчалык байлыкка умтулган, дүнүйөгө ашыкча эле байланган адам эле...
Ооба, анын каалоосу менен Жараткан ага байлыкты ченебей бериптир... Бирок, ал адам ошончо байлыгы бар туруп, зекет берүүнү эч ойлонбогон экен. Пендеэкенбиз да.Адам баласы көбүнчө башына мүшкүл иш түшкөндө жүрөгү жумшарып, бул жалган дүйнө көзүнө бир башкача көрүнүп калат окшобойбу...
Ал да ошол күнү кечинде көчөдө айланага суктана карап, жай басып баратты.Түгөнбөгөн түмөн ойлор."Эх, бат эле ушинтип каламбы? Кап, өмүрүмдүн ушунча кыска экенин билгенимде, балким баары башкача болор беле? Аттиң! Арманда кетем го...”. Көзүнөн ысык жаш тегеренди... “О Жараткан, жардам бере көр, мендей кулуңа! Мени кечир! Мага кайрымдуу, кечиримдүү, мээримдүү болуп, өзүңдүн сүйгөн кулдарыңдын катарына кошо көр!".
Өмүрүндө биринчи жолу Жаратканга чын дилинен кайрылып, жүрөгү сыздап баратты.Ал эт чапкан кичинекей күркөнүн жанынанөтүп бара жаткан эле. Капысынан эт чабылган сайын ыргыган сөөк жана майда эттерди баштыгына салып жаткан карыган аял көзүнө урунду. Кызык. Аларды эмне кылат болду экен? Жанына басып барды. “Апа, буларды эмне кыласыз?” деди. Кемпир ал адамды көңүл кош гана карап калды. “Эх уулум, “жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” дегендей, буларды үйгөалып барып, кичинекей жетимдериме кайнатып берем... Эт жешпесе да сорпосун ичип алышсын, байкуштарым!” деди. “А эмне, үйдө силерди бага турган эркек жокпу?” деди таңдана. “Ооба, уулум менен келиним экөө тең жол кырсыгынан каза болушкан” деди эмшеңдеп.
Кантсе да адамбыз да. Кемпирге боору ооруп кетти. Касапчыга кирип, “ушул кемпирге жума сайын эт берип турасың” деп бир жылга жеткидей акча таштады. Кемпирди базарга ээрчитип барып, балдарына, өзүнө кийим-кече, үйүнө толтура азык-түлүк алып берди. Кемпир абдан ыраазы болуп, ага рахматын айтып жатты.
"Бергендин бактысы алгандыкынан да таттуу" дегендей, өз ишине өзү ыраазы болуп, көңүлү толкуду. Үйүнө келип, коңгуроону басты эле, эшикти уулу ачты. “Ай-ий атаке, жүзүңүз эмне мынча нурлуу? Оорубай калдыңызбы?” деп сурады уулу. “Мен жакшы элемин” деди жылмайып.
Ошол күнү үй-бүлөсү менен кобурашып, көпкө чейин отурушту. Үй-бүлөсү менен чогуу болуу ушунчалык сонун экенин мурда билбегенине өкүндү.Эртеси операцияга Лондонго жөнөдү...Дарыгерлер операциянын алдында жүрөгүн дагы бир сыйра текшерүү үчүн рентгенге салышты. Тартып көрүштү да, өз ара күбүр-шыбыр болуп жатышты. Дагы... Дагы тартып көрүштү.Ал акыры чыдабай дарыгерге “айткылачы, деги эмне болду?” деди. “Таңкалычтуу. Сиз эмне кылып дарыландыңыз эле? Сиздин жүрөгүңүз таптаза экен! Оорунун изи да жок!” деди кубанычтуу. Ал уккан кулагына ишенбей турду. Ошондо гана көз алдына бечара кемпирдин ага ыраазы боло караган көз карашы тартыла түштү. Ооба, Жараткананы менен эбак эле эсептешип койгонэкен.Ичинен Кудайга жалбарып жатты...
Нурдан
"Азия Ньюс" гезити