Умар Анарбаев, серепчи: “Таласта өнүгүү иштери башталды”

-- Умар агай, азыркы бийлик ишкерлерге шарт түзүп берип жатабы же кандай?
-- Менин баамымда, азыркы бийлик чакан жана орто бизнеске кысым кылмак тургай колдоо көрсөтүүдө. Алтургай башка мамлекетте иштеп жаткан ишкерлерди дагы чакырып, “туризмди өнүктүргүлө, пансионаттарды сатып алгыла, иштеткиле, өз акчаңарды чыгарып алгыла” деп Кыргызстанда ишкерлик кылууга үндөп жатат. Ошондой эле бизнесмендерге пайызы жок кредиттер берилүүдө. “Аларга субсидия кылып, ишкерликти жаңы баштап жаткандарга белгилүү бир мөөнөткө чейин кредиттик каникул берели, бутуна туруп, өзү жолго түшкөнчө салыктан бошотолу” деп жатат. Мына ушул нерсенин өзү деле чоң колдоодон кабар берет.
-- Салык саясаты туура жолго түшө баштадыбы же мурдагыдай эле катачылыктар барбы?
-- Акылбек Жапаровдун салык саясаты бир топ кемчиликтер менен коштолгон. Бюджетти толтуруу үчүн салыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таап, ишкерлерди жөнү жок кыйнады эле. Ошол нерсе бир топ нааразычылык жараткан. Мен да убагында сындагам. Алмамбет Шыкмаматов салык кызматына келгени бир топ жеңилдиктерди жасады. Эл оңолсо, мамлекет өнүгөт. Бюджетти толтуруш үчүн салыкты көбөйтүп, аны менен элди да, ишкерлерди да кыскан болбойт. Баардык нерсе орду, жөнү менен болушу керек.
-- Таласта өзгөрүү, өнүгүү байкалабы?
-- Таласта деле туризмди өнүктүрүүгө, тарыхый жайларды реконструкциялоого аракеттер башталды. “Манас Ордо” реконструкцияланып, модернизация болгону турат. “Чыңгыз Ордого” да каражат бөлүнүүдө. Мына ушунун баары бизнесмендерге түзүлгөн шарт. Курулуш компаниясы бар бизнесмендер келип, тендерге катышып, иштесе болот да. Болгону ичпей-жебей, ачык-айкын иштесе, мамлекетке да, элге да пайда эмеспи. Баса, “туризмдин өнүгүшүнө салым кошот элем” деген ишкерлер келип, Беш-Ташка асма жол салганга өз салымдарын кошсо болот...
"Азия Ньюс" гезити