Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жогорку сот коррупцияга малынган, ага ким келбесин системага өзгөртүү киргизе албайт”

“Жогорку сот коррупцияга малынган, ага ким келбесин системага өзгөртүү киргизе албайт”

03-октябрь, 11:15
1 874 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кандай иштеп атат? Бул системага пайда алып келдиби, же зыянбы?” деген собол таштадык. 

Клара Сооронкулова, коомдук ишмер:

-- Жогорку соттун төрайымы сот системасына эч кандай өзгөртүү киргизе албайт. Анткени, ал адам Жогорку соттогу административдик функцияларды гана аткарат. Сотторду башкарып, же аларга кандайдыр бир көрсөтмө бергенге, буйрук чыгарганга эч кандай укугу жок. Ар бир сот өз алдынча статусу бирдей. Эгер Жогорку соттун төрайымына бийлик берип койсок, калган соттор төрайымды карап отуруп калбайбы. Ал эми төрайымдын ишмердүүлүгүнө, кандай иштеп атканына биздин “жакшы” же “жаман иштеп атат” деген пикирибиз бир аз туура эмес болуп калат. 

Азиза Абдрасулова, укук коргочу

-- Жогорку соттун төрайымы Калиевага карата, анын ишмердүүлүгүнө баа бербейм. Себеби, бу жерде команда. Ошол куралган команда иштебесе, анда бир адамдын иштегени эч нерсеге татыбайт. Команданы ойлош керек, бул жерде жалгыз адам чечим кабыл алалбайт да. Сот системасы мындай, биринчи инстанция Жогорку сотко баш ийбейт. Бизде мыйзамда ушундай көрсөтүлгөн, бул туура. “Ар бир сот мыйзамга ылайык жана өзүнүн ички кабыл алуусуна ылайык чечим кабыл алыш керек” деп жазылган. Сот системасынын кемчилигин райондук соттун же Жогорку соттун кемчилиги катары кабыл албаш керек. Тескерисинче, ар бир соттун көз карандысыздыгына умтулуубуз кажет. Чынында “сот системасында коррупция жок болду” деп айта албайм. Бирок, бир аз азайды. “Единое окно” деген системага эл аралык уюмдардын каалоосу менен өтүп атат. Жасай турган жакшы милдеттери бар. Мисалы, чыгарылган өкүмдөр сайттарында илинип туруш керек. Терроризм-экстремизм боюнча соттор бизде көбүнчө жабык өтөт, жактоочулары жок. Ошондой жактарын оң жолго салса (!) деген тилегим бар.  

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:

-- Мен Гүлбара Калиеванын ишмердигине “2” деген гана баа берем. Анткени, өзүм сот системанын ичинде жүрөм. Көрүп, угуп атам. Анткени, ал жалгыз кишиден система түптөлбөйт. Ошон үчүн ал торго курчалган системада иштеп атат жана саясый укуктук баа берип, президентке жардам берип, айткан сөздөрүнө шайкеш иштегенге эч ким ага уруксат бербейт. Сот системасы өзү коррупцияга малынган, сотторду тандоочу процесс дагы аябай татаал жана эгемендүү эмес. Жогорку соттун төрайымы Калиева болобу, же башка бирөө болобу, системаны өзгөртө албайт. Ал эгемендүү эмес. Депутаттардан, саясатчылардан, мамлекеттик казынадан көз каранды. Ошон үчүн бул кызматка ким келбесин, сот системасы коррупцияга малынып, белчесинен батып калган.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер