Эки жолу операция болгон Бекболот Талгарбеков абакта кантип жатты экен?


75 аксакалдын колу коюлган кат боюнча коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков камакка алынган. (Аны менен кошо Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов бар). Алар президенттик шайлоонун өтө турган убагын сунушташып, саясый билдирүү жасашкан. Эл арасында талкуу жаралып, ар кандай жоромолдорго жол берилген эле. Эми бул жагын талдай берсе сөз көп.
Биздин кеп кыла турган темабыз такыр башка. Мындайча айтканда, боорукерлик жана адамгерчиликтин алкагында. Айталы, экс-министр Бекболот Талгарбеков өткөн жылы эки ирет операция жасаткан, ден соолугу солгундап жүргөнү ырас. Көп өтпөй береги кайрылуу ишине аралашып, камалып кетти. Оору кеселинен кийин 71 жаштагы аксакалдын түрмөдөгү абалын айтпасак деле түшүнүктүү да. Бирок Бекболот Талгарбеков табиятынан бекем мүнөздүү, айтканынан кайтпаганы бар, башкалардай арызданбайт, башка түшкөн жазмышына чыдап жатса керек.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Бекболот Талгарбеков курч пикир айткан оппозиционер саясатчы болчу. Агездеги бийликке каршылык көрсөткөнү үчүн камакка алынып, үч жыл түрмөдө отурган. Террористтер менен кошо камаса да сынбаганы белгилүү.











