Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Мадылбеков, экс-депутат: “Акыркы жылдары адилеттик издегендер көбөйүп баратат”

Турат Мадылбеков, экс-депутат: “Акыркы жылдары адилеттик издегендер көбөйүп баратат”

17-июнь, 09:00
493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турат агай, “кемпирабадчы” саясатчыларга прокурор 20 жыл сураганы чоң талкуу жаратууда. Сиз мурдагы укук сакчысы катары кандай баа бересиз?

-- Мен дагы бул маалыматты уктум. Чынында прокурордун 20 жыл сурашы аша чапкандык. Процесске катышкан прокурор асманды карап туруп, начальнигинин айтканын аткарды окшойт. Сот деле “20 жыл сурады” деп аларды анчалык кеспейт. Биринчи инстанцияда 6-7 жыл берип коюшу мүмкүн. Экинчи инстанция 3-4 айга созулуп, бир топ убакытты алат. Анан чекит коюлат. Ага чейин прокурордун 20 жыл сураганы аларга жасалган психологиялык басым катары бааланат.

-- Шаардык сотто кандай жыйынтыкталышы мүмкүн?

-- Экинчи инстанцияда сот прокурордун 20 жылын канааттандырбайт. Ошол эле мезгилде “кемпирабадчыларды” актабайт дагы. Анткени, бул иш саясый өңүттө баратат. Менимче, экинчи инстанцияда шарттуу түрдө 3-4 жыл берип коюшу ыктымал.

-- Аларга коюлган дооматтар далилденбесе эмне болот? 

-- Бүгүнкү күнгө чейин “кемпирабадчыларды” камай турган кандай далилдер бар экенин, эмне болгон берене менен соттогону жатышканын эч ким билбейт. “Массалык башаламандык уюштуруу, күч менен бийликти басып алуу” деген беренени койгонун гана билебиз. Бирок, ал беренелер акыркы кезде “дежурный” болуп калды. Укук коргоо органдарына жакпай калса эле ушундай ыкма менен кылмыш ишин козгоп коюшат. Далилдери жетишсиз болсо да оор, “дежурный беренени” койгондор өзүн кантип юрист, тергөөчү эсептешет? Башкы прокуратура да мындай иштерге анча маани бербей, мыйзамдуулугун текшербегени үчүн тергөөчүлөр өз билгенин жасап жатышкандай...

Ооба, бул маселени сот системасында иштеген жоро-жолдоштор менен жолуга калганда дагы талкуулайбыз. Баары эле “туура эмес болуп жатат” дегендей ойду айтышат. Укуктук жагын мамлекет жетекчилери колго албаса, сотко, прокуратурага, тергөөчүлөргө болгон нааразычылыктар күчөп баратат. Үч жарым жылдан бери эле укугу тебеленген адамдардын баары президентке, анан УКМКнын башчысына кайрылышууда. Алар анын баарын окубасын, кайрылууларын тийешелүү тармактарга жөнөтүп коёрун билбей эле кайра баштан эзилишип, адилеттик издегендер көбөйүүдө. 

Мамлекет жетекчилери ишенип кызматка койгон адамдар жакшы иштебей жатканы үчүн ушундай көрүнүштөр күч алды. Жооптуу орунга коюлган жетекчилер жогору жакты уят кылбай катачылыктарын оңдошсо болот эле...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер