Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскүл Акимжанова: “Жашылча-жемиштердин баасын бир баланста кармай турган мамлекеттик механизмге муктажбыз”

Рыскүл Акимжанова: “Жашылча-жемиштердин баасын бир баланста кармай турган мамлекеттик механизмге муктажбыз”

30-июнь, 13:31
4 390 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл чарба түйшүгүн да, көйгөйүн да жонтери менен сезип, көп иштерге тажрыйбасы мол “Бай элим” компаниясынын негиздөөчүсү Рыскүл Акимжанова менен маек курдук. 

-- Учурда айрыкча сабиз, картошка өңдүү айыл чарба азыктары кымбат болуп турат, себеби эмнеде?

-- Негизи эле баардык тарапта кризис болуп атат. Мунун баары өткөн жылы башталган пандемиянын кесепети. Былтыр эч кимди эч жакка чыгарбай, түштүктөн келчү дыйкандарыбыз келе албай, трактор айдагандар жерине жетпей, кызыктай абал өкүм сүргөн. Ошол абалдын кесепетин быйыл көрүп жатабыз. Быйылкы ушул кымбатчылыктын кесепетин эмдиги жылы көрөбүз. Бул башталышы гана. Ал эми сабиз боюнча айтсам, сабиз негизи көпкө сакталбаган жашылча болгондуктан, көбү кышында, жазында эле сатылып кеткен. Башка өлкөлөрдө да сабиздин түшүмү анча болбой, биздин дыйкандарда да запасы аз калды. Байкуш дыйкандар тобокел кылып эле иштеп жүрүшөт, бир жыл пайда алса, бир жыл банкрот болушат. Алар өздөрүнүн түшүмдөрүнүн баасы канча болорун билбегендиктен, кыш-жаз айларында болушунча сатып ийгенге аракет кылышат. Бааны кармап, жөндөп турган схема болбосо, баага кепилдик бере турган туруктуу сбыт да жок. Негизи эле айыл чарба өсүмдүктөрүнө сбыт чынжырчасы, анализ, баа кепилдиги, элдин талабын эсептеген механизм жана ошол талапты – бааны көтөрбөй кармап турган система таптакыр эле жок. Өндүрүү, өстүрүү боюнча мамлекет анализдеп бериши керек эле. “Бул жылы мындай болот, мынча айдагыла” деген маалымат жана мамлекет тарабынан кепилдик керек. Өтө арзандап кетсе өткөн жылкы капустадай талаага төкпөй, мамлекет субсидия бөлүп берип, ашыкча жер-жемиштерди алып, чыгымга учуратпай турган механизмди ойлоп табуулары шарт. Же быйылкыдай кризисти болтурбаш үчүн мамлекет өз катышуусу менен көзөмөлдөөсү зарыл.

-- Өсүмдүк майын арзандатуу үчүн кандай кадамга барса болот?

-- Өсүмдүк майынын баасы бизден көз каранды эмес. Бул 100% импорттук товар. Импортерлор кандай койсо, бизге ошондой келет. “Бажы төлөмдөрү алынат” деп жатат. 12% НДСти алып койгон менен ички товар жүгүртүүдөн аны алышкан жок. Ички товар жүгүртүүдө биз НДС төлөйбүз. Бул бизге окшогон ишкерлер үчүн кыйынчылыкты туудурат. Себеби, биздин баардык документтерде баары так, ачык көрсөтүлгөн. Контрабанда ташыгандар үчүн бул өтө пайдалуу. Мамлекетке салыктан түшө турган акча ошолордун жеке чөнтөгүнө түшөт. Бажы төлөмдөрүн жокко чыгарганга жараша ички соода-сатыкта да төлөмдөрдү жокко чыгаруу шарт эле. Бирок аны көзөмөлдөгөн орган болбогондуктан, эч ким түшүрбөйт. Буга чейин ун азыктарына, дары-дармектерге кошумча төлөмдөр жокко чыгарылган, бирок эч качан товарларга арзандоо каралган эмес. Бул жөн гана убактылуу көрсөтмө. Булар бааны чындап түшүрүү системасын иштеп чыгышы шарт эле. Ал схеманы мен көргөн жокмун. 

-- Улам күч алган кымбатчылыкка чек коюунун, экономикалык өсүшкө кадам жасоонун жолдору барбы?

-- Азык-түлүктүн кымбаттоосунун чечүү жолдорун бир сөз менен айта албайбыз. Эң биринчиден, биз сапатка чыгышыбыз керек. Сапатка чыгыш үчүн дүйнөлүк стандартты алып келиш керек. Дүйнөлүк стандартты алып келиш үчүн стандартташтыруу компанияларын Кыргызстанга ачуу шарт. Стандартташтыруудан өтүү үчүн биз чет өлкөлүк ошондой компанияларга кайрылабыз. Мисалы, Кыргызстанда андай жок. Ошол эле убакта лабораторияларды ачыш керек. Бизде дүйнөлүк стандартка текшерген бир дагы лаборатория жок. Ошондуктан башка өлкөлөргө кайрылууга туура келет. Андыктан кызылдай акчабызды башка мамлекеттердин компанияларына төгүп жатабыз. Бул абдан оор система. Бул тууралуу алдыда сөз көп.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер