Министр Жунушалиев милицияга каршы соттун төрагасы Калыбаевди “октодубу”?

Буга чейин ИИМ системасынан мыйзамсыз жумуштан алынган кызматкерлер улам соттон утушуп, Кашкар Жунушалиевдин ишиндеги кыянаттыгын ашкерелеп салышканбы? Мисалы, Кулуев, Болушев ж.б. Мындай көрүнүш “өнөкөткө” айланган. Ушуга байланыштуу ИИМ жетекчилигине суроо салалы:
-- Кашкар Астаканович, сиз Биринчи Май райсотунун төрагасы Алмаз Калыбаев менен сүйлөшүп, мындан кийин милиция кызматкерлеринин укуктарына бөгөт коюуну чечтиңизби? Ошондо мыйзамсыз жумуштан алынгандар сотко арызданышса, жасалма иретте утулуп кала беришеби? Ушул боюнча ИИМдин юристтери мактанып жүрүшкөнү ыраспы? Биз бул суроолорду ойлоп тапкан жокпуз, милиция кызматкерлери ичинде “дүң” болуп, уу-дуу кепке айланды го? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, эми эмне болот?..
Aryba.kg