Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Мамыркулова, журналист: “Разаковдун кетишине конкреттүү себептер бар, бирок ал креслого жармашып атат”

Канышай Мамыркулова, журналист: “Разаковдун кетишине конкреттүү себептер бар, бирок ал креслого жармашып атат”

30-январь, 23:33
683 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биринчи Май райондук соту журналист Канышай Мамыркулова менен жарандык активист Самат Алиевдин вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго карата жазган доо арызын кароодон баш тартты. Алар 23-январда Разаковду сотко беришкен эле. Доо арызда 13-январда жана 15-январда борбордук аянтта кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөрүлгөн митингди Жеңиш Разаков «акча менен уюштурулган, алар акчага чыгарылган адамдар» деп айткандыгын «куру айып» деп баалашып, доогерлердин ар бири 5 млн. сомдон талап кылышкан. Журналист Мамыркулова арыздын артка кайтарылганы техникалык себептерден улам экенин айтат. 

-- Канышай эже, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго карата жазган арызыңыздарды райсот кароодон баш тартты. Эмнени жүйө келтирип, артка кайтарышты?

-- Ооба, арызыбыздын артка кайтарылганы мыйзамдуу эле болду. Анткени, арыз таштаган ар бир доогер 700 сом өлчөмүндө мамлекеттик төлөм кошо төлөшү керек. А биздин арызды жөн эле алып калышкандан, эске да келбептир. Экинчиден, биз арызыбызда Разаковдун “митинг акча менен уюшурулган, чыккандардын баары акчага чыгышкан” деген айыптоосуна нааразы болуп жаздык. Сот аны карап, “төлөп берсин” деп чечим чыгаргандан кийин, биз сумманы талап кылышыбыз керек эле. Биз Самат байке экөөбүз дароо эле 5 млн. сомдон “төлөп берсин” деп талап кылганбыз. Ошол себептен, техникалык жактан туура эмес деген жүйө менен арызды кароодон баш тартышты.

-- Эми эмне кылмакчысыздар?

-- Биз сөзсүз арызыбызды кайра беребиз. Самат байке даяр болсо эле барып, эми төлөмүн кошо төлөп, арызыбызды калтырып кетебиз. 

-- Айрым сайттар сиздерди “Разаковдон аянба, калайык!” деген марафон өткөрө турганыңыздар, элден 1 сомдон чогултуп, мамлекеттик төлөмдөрдү төлөп, вице-премьерди кайрадан сотко берериңиздерди жазышты...  

-- Жиним келип, хайп кылып койдум. 700 сомду элден чогултмак белем? Өзүм эле төлөйм аны. Разаковдун айтканына ачууланганымдан “элдин эсинен чыкпасын” деген ойдо ошентип койгом.  Разаков “сотко берсе бере берсин” деп диңкийип атпайбы, жинге тийип! Керек болсо, биздин анын үстүнөн арызданганыбызды аттуу-баштуулардын көбү туура көрүп атышат. Кызматтык этика   дегенден да четтеп кетти бу киши. Ошончо элди “акча үчүн чыккандар” дегенге анын кандай акысы бар?

-- Анан бул кишинин кызматтык жоопкерчилиги эмнеге каралбай жатат деп ойлойсуз? 

-- Разаков эмнеге мынча бул кызматка жармашты, билбейм. Кимге ыңгайлуу киши экенин да билбейм. Аны “кетсин” деп катуу талап кылып, өкмөт үйүнүн алдына митинг өткөрүш керек. ЖМКлардан начар иштеп жатканын өкүртө жазыш керек. Баткен эли каршы буга, коомчулук каршы. Ушунча окуялардан кийин кызматтан өзү баш тартып кеткенге конкреттүү шылтоо болуп жатпайбы. Анткендин ордуна креслого жармашып, отурат тампайып.

-- Сотко бергениңерден кийин “келгиле, сүйлөшөлү, кепке келели” деген сунуш болдубу?

-- Жок, кайдан? “Сотко бермектен... жүз жолу берсин” деп жаткан неме “кепке келели” демек беле? Десе да, арызданганыбызды токтотпойбуз, артка кайтпайбыз. Биздин катарга кошулганы жаткандар дагы толтура. Ошол митингге чыккандардан Кылыч Шанаев, Гүлжигит Исаков, Айкут Конушбай ж.б. “арызданабыз”, “митингге чыгабыз” дешүүдө. Разаков сотто доого жооп бергенде, “мен силерди айткан эмесмин” деши мүмкүн. Ошон үчүн митингге баргандардын ар кимисинин өзүнө жооп берсин.  


Динар ТУРДУГУЛОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер