Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асылбек Жоодонбек: “Дайыма жеңилине качырып, чындыкка тике карай албайбыз”

Асылбек Жоодонбек: “Дайыма жеңилине качырып, чындыкка тике карай албайбыз”

04-декабрь, 09:00
1 571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шайлоодон кийинки акыбалыбызга, аң-сезимибизге кандай баа берүүдөсүз?

-- Жеңил нерселерге качырабыз. Чыдамыбыз жок. Шыр эле боло калса дейбиз. Дайыма "чудону" күтөбүз. Дагы бирөөнү көрсөк эле кыжырыбыз кайнайт. Себепсиз кайнайт. Анткени өзүбүз менен гармонияда эмеспиз. Ачуубузду башкадан чыгарабыз. Атайын тескери кылабыз. Чала болот дейбиз. Арсыз күлөбүз. Моокумубуз канат. Душманды айланадан издейбиз. Ошолор эле мени көрө албай жатышат. Болбосо баары жакшы болот эле, тез эле айга жетмекмин дейбиз. Кайра кулайбыз. 

Душман биздин ичибизде. Кайдыгерлигибизде, билимсиздигибизде, утурумдук азгырыктарга берилгендигибизде, эки жүздүүлүгүбүздө, шашкалактыгыбызда, изденбегендигибизде, ак менен караны ажырата албагандыгыбызда. Дайыма жеңилине качыргандыгыбызда. Чындыкка тике карай албагандыгыбызда. 

Өлкөнүн өнүгүүсү адамдын тагдырына окшош. Оюбузду тазалайлы. Билбейм дегенден, үйрөнгөндөн уялбайлы. Билгендерди угалы. Адистерге кулак төшөйлү. 

Чокубузга өзүн талдабай дайыма сырттан күнөөкөр издегендерди чыгарып алдык. Алар дайыма күмөн ичинде. Өздөрү билбейт, билгендерди укпайт. Бул шайлоо да "эшегине жараша тушагы" болду. Келечегин берсин. Ойгоноорбуз...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер