Кытайда аял өз жаназасында кайра эсине келди


Кытайда “рак жана мээ кан тамырындагы тромбоздон улам каза болгон” деп табылган 70 жаштагы аял өлгөндөн кийинки күнү муздаткыч табытта жаткан жеринен эсине келген. Бул тууралуу кытайлык The Paper басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, аялдын үй-бүлөсү анын каза болгонун аныктагандан кийин, сөөгү атайын муздаткыч табытка салынган. Бирок 9-сентябрдын кечинде келини табыттын ичинен алсыз онтогон үндү уккан.
Үй-бүлөсү аялды дароо табыттан чыгарып, медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылган.
11-сентябрда туугандарынын баары үйгө чогулган учурда аял жарым-жартылай эсине келип, көзүн ача баштаган. Бирок анын абалы дагы эле оор болгон. Ал өз алдынча суу ичип, тамак жей алган эмес.
Ошол эле түнү аялдын абалы кайра начарлап, ал каза болгон. 13-сентябрда 70 жаштагы аял жерге берилген.











