Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров аргасыздан “блогер президент” болуп атабы?

Садыр Жапаров аргасыздан “блогер президент” болуп атабы?

11-февраль, 13:27
1 951 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров соцтармактан айрым журналисттерди, блогерлерди жана сайттарды зекип, пост жазып калмайы бар. Мындай көрүнүш улам кайталанып бараткандай... Ал эми президенттин аппараты, маалымат кызматы, пресс-катчысы эмне кылып отурушат? Коомчулукка тактыкты тартуулап, түз багыт берүү алардын колунда эмеспи? Таңгаласың. Бул жагынан алганда, Сокенин пиарщиктеринен айырмасы деле болбой калгандай. Садыр Жапаровдун рейтингин түшүрүп, элди тескери буруп кетүүгө күчтөр жандана башташты. Мындайда кошул-ташыл ээнооздор да арбын. “Кой аксагы менен миң” дегендей, жазмакерлердин баары эле адилеттүү багытты тутунушпайт, көбүнчө чагымчылыкка алдыргандар жалганды да жайылтууга жанталашууда. Себеби, соцтармакта толук кандуу эркиндик бар. Миңдеген жарандар ойлогондорун озунуп таштай беришет. Аныгында, Фейсбук, Инстаграмда кайсынысы чын-жалганы белгисиз. Элдин башы айланууда. Саналуу гана сайттардан, гезиттерден так маалыматтарды алууга мүмкүн. Ошентип, соцтармактын кызыгы тарап, ишенимсиз, чагымчыл бир айдыңга айланууда. Дал ушундай шартта Садыр Жапаров аргасыздан “блогер президент” болуп, көрүнгөн менен чындыкты талашып отурса, мамлекеттик деңгээлдеги иштерди ким алып барат? “Жандооч кийик аттырат” дечү эле, жанындагылар жакшы чыкпай калышты го?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер