Ковид ортолоп калды. Түштөн кийин келген вакцинанын кимге кереги бар?
Кытайдан 1 миллион дозадан ашык вакцина келери боюнча республикалык штаб кабарлады. Ушунчалык да шалтурук болушабы? Бул тармакты тескеген китепканачы Жылдыз Бакашова кеч ойлонуп, элдин баары ооруп бүтүп атканда кам көрүүгө кыймылдаганы логикага сыйбайт. Түштөн кийин келген вакцинанын эч кимге деле кереги жок. Үчүнчү толкун ортолоп калды. “Төө кыядан өткөн соң, “оо” дегениң курусун” демекчи, кечиккен эмдөө менен элди алаксытуу болбогон нерсе. Кыскасы, башынан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев шалаакылык кылып жүрүп алганы, уу коргошун менен элдин башын айлантканы кечиримсиз. Учурда калың катмар ковидден жабыркап, бийликке жаалы күчөп турган чагы. Элдин реакциясы эртеби-кечпи толкундоолор менен коштолуп кетпесе экен!
"Азия Ньюс" гезити