Издөөгө алынган Азим Рой душмандарынан өч алабы?
Кыргызстандагы бизнестери камакка алынып, өзүнө издөө жарыяланган Азим Рой кандайдыр бир ыңгайды күтүп атабы? Ачуусу, кеги ичинде калып, чет өлкөдө жүрөт эмеспи. Эл аралык кылмыш дүйнөсүндөгү лидерлер менен алакалаш, таасири күчтүү катары айтылып келет. Камчы Көлбаевдин насаатчысы катары сыпатталып, көмүскө дүйнөдөн жогорку абройго жетсе, жыйынтыгында, колдогу мүмкүнчүлүктөрүн таразалап отурабы? Ыңгайга жараша убакытты күтүп, мерчеми келгенде душмандарынан өч алабы? Ар түркүн божомолдор да каңкуулана баштагандай. Азим Ройдун башка өлкөлөрдөгү бизнестери, байланыштары күчтүү катары айтылып келсе, андан айбыккандар да көппү? Бара-бара күн жылыганы кыймылдар, кептер козучудайбы? Атайын кызматтарда эмне маалыматтар болду экен? Кулак түрө туралы...
"Азия Ньюс" гезити