Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбай Айжигитов: “Тажиктер 2 миң 110 чарчы километрге аймактык доомат коюуда”

Султанбай Айжигитов: “Тажиктер 2 миң 110 чарчы километрге аймактык доомат коюуда”

21-октябрь, 19:23
320 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Султанбай Абдрашитович, акыркы кездерде “кыргыз-тажик чек ара маселеси үчүнчү өлкөнүн ортомчулугусуз чечилбейт” деген пикирлер айтыла баштады. Сиз буга кошуласызбы?

-- Сырттан бизге ортомчу болбосо, бул маселе чечилбейт. Эң башкы маселе, ортомчу калыс болууга тийиш. Эгер ортомчу да өзүнүн кызыкчылыгы менен келе турган болсо, туура эмес жагына кетип калышы мүмкүн.

-- Буга чейин эки өлкө тең “чек ара маселесин үчүнчү тарапты аралаштырбай, өзүбүзчө чечебиз” деген позицияны карманып келишпеди беле?

-- “Өзүбүз чечебиз” деген менен бир жыл арасында эки согуш чыкпадыбы! Каяктан өзүбүз чечебиз? Чечпей эле кайра күчөп атпайбы тирешүү. Анан мен дагы бир жолу айтып койгум келет, көйгөйлөрдүн булагы жалаң эле посттор же чек ара эмес. Тажикстандын расмий жүргүзүп жаткан саясаты. Бүт тополоңдордун, тирештердин булагы ошол жерде болуп атпайбы. Алар расмий саясат катары бизге 2 миң 110 чарчы километрге аймактык доомат коюуда. Бүт баары алардын ошол саясатында болуп жатат. Ошол дооматтан баш тартмайынча тирешүү боло берет. Бул дооматтарды биз кандайдыр бир рычагдар менен же дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен жокко чыгарышыбыз керек. Эмне үчүн Россия? Башка эч ким ортомчу болгусу келбей жатпайбы. Мисалы, ЕККУ, БУУ бар. Алар унчукпай эле отурушат.

-- ЖККУ же ШКУ сыяктуу өзүбүз мүчө болгон уюмдардын ортомчулугу дурус болобу?

-- Албетте. Кандайдыр бир комиссия түзүп, же кыймылдар болуш керек да. Эки тарап өзүбүзчө сүйлөшкөнгө Тажикстан каалоосун көрсөтпөй жатат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер