Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээги кандуу бийликтин “акылманы” Бектур Зулпиевдин кеңешине эч ким муктаж эмес

Кечээги кандуу бийликтин “акылманы” Бектур Зулпиевдин кеңешине эч ким муктаж эмес

15-сентябрь, 09:00
592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек Бакиевдин кандуу бийлигинде Бектур Зулпиевдин аты чыгып, Акүйдүн юрдикалык бөлүмүн тейлеп, “камырдан кыл сууругандай” чечимдерди алдырганын, оппозицияга кастарын тиккенин унуттукпу? Көшөгөдөн көп оюндардын “дирижёруна” айланганы сыпатталып келген. Мына ушундай кадрлардын топтому, “өтө акылдуу” саясат жүргүзүүгө бел байлагандар менен Курманбек Бакиев баласы Максимге, иниси Жанышка жарым бийлигин өткөрүп берип, коррупцияга батышып, өкмөттүн үстүнөн ЦАРИИни түзүшкөн. Жанышы каяша айткан саясатчы, журналисттерди жана коомдук ишмерлерди сабатып, четинен өлтүртө баштаганын кайда жашырабыз? 60 чакты буюртма өлтүрүүлөргө жеткени маалым. Эгерде төңкөрүш болуп кетпегенде, булар кыргыз элинин эр жүрөк, чыныгы каймактарын кырып, толук кандуу канабайрам салары шексиз эле. Мына ушундай кандуу бийликтин башкы юристи катары Бектур Зулпуев таанылып, көмүскөдөн көп былыктарга малынганын кантебиз? Учурда бул кадр президенттин кеңешчисине айланып, кандай насаат айтат экен ыя? Айтор, катачылыктан Кудай сактасын! Азыр да акыл калчоого кеч эместир... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер