Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мэр Айбек Жунушалиев популисттик аракеттер менен алек”

“Мэр Айбек Жунушалиев популисттик аракеттер менен алек”

04-июнь, 21:38
526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин ишмердиги купулуңузга толуп жатабы? Же кандай сын-пикир айтат элеңиз?

Манас Осмон:

-- Мэр Айбек Жунушалиевдин азырынча аракети байкалбайт. Бишкектин кээ бир парктарын айрым адамдар мыйзамсыз басып алып, жол салып алган, же көп кабаттуу турак жай куруп алган. Маселен: Мадина базарынын Чыгыш-5 жагындагы парктын Чүйгө туташкан жерин кесип, унаа токтотуучу жайга айландырып алышкан. Аны менен эч кимдин иши жок. Акүйдүн боорундагы паркка салынган көп кабаттуу турак жайды депутаттар айтып, чоңдордун көңүлүн бурдура албай коюшту. Мындайды “тандалма мамиле деп коёт. Эгер карапайым бирөө кайсы бир паркка барып комок куруп алсынчы, балээге калат. Айбек Жунушалиев ушундай мыйзамсыздыктар менен күрөшсө, ошондо жакшы иштеп жаткан жетекчи катары урмат көрсөтөбүз.

Уран Рыскулов:

-- Жаңы мэр популисттик иш-чаралар менен же болбосо күпүлдөгөн иш жүрүп жаткандай түрдү имитация кылуу жагынан алектенгендей. Мына, жакындагы эле мамкызматкерлерди “жеке автоунаа менен кызматка келбегиле” деген чечимин жарандардын конституциялык укуктарын тебелөө деп эсептесек болот. Күлөрүңдү же ыйларыңды билбейсиң. Бул чечими менен кандай маселени чечкиси келгенин дагы түшүнүү кыйын.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер