Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россиядагы мигранттар үчүн жаңы эрежелер киргизилди

Россиядагы мигранттар үчүн жаңы эрежелер киргизилди

29-декабрь, 17:23
1 144 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын 29-декабрынан тартып Россияга иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу жол-жобосунан өтүшү керектигин жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар алгач фтизиатрдын, дерматовенерологдун, инфекционисттин, терапевттин, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү керек. Андан соң манжа изин каттатып, сүрөткө түшөт. Манжа изин каттатуу үчүн Россиядагы аймактык ички иштер башкармалыктарга, ИИМдин алдындагы паспорт-виза кызматына же Москва шаарындагы көп тармактуу миграция борборуна кайрылуулары зарыл. Бул үчүн чет элдик жарандар паспортун жана медициналык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган маалымкатын ала барууга тийиш. Манжа изин каттатып, сүрөткө түшкөндөргө ырастоочу документ берилет. Ал бир жолку жана Россияга кирүү-чыгуу санына карабастан акысыз болот. Бул милдеттерди аткарбаган жарандардын Россияда калуу мөөнөтү кыскартылат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер