Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мадинанын атасы: "Өлгөн күнү оозу бек эле, ошол бойдон кетти"

Мадинанын атасы: "Өлгөн күнү оозу бек эле, ошол бойдон кетти"

01-май, 15:29
1 120 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткенде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын атасы Наимжан Абдуллов "Азаттыкка" маек берди.

-- Мадина кечээ жерге берилиптир, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Азыр абалыңыз кандай? Жубайыңыз, кичүү кызыңыз жакшыбы?

-Кызымды, Мадинамды кечээ жерге бердим... (Ыйлап.) Аялым менен кичүү кызым азыр Бишкекте ооруканада жатат. Бул жакта жалгыз боз үйдө куран окутуп отурам.

Каргаша болгон күнү мен ишке кеткем. Аялым эки кызым менен Интернационал айылындагы үйүбүздө болчу. Аялым "эшикке чыксак, үйдүн чатырына бир нерсе катуу атылып, кулагым тунуп калды" деди. Кыйкырып, жардамга чакырса эч ким келбептир. Эки кызын жетелеп, үйдөн чыгып, качып баратканда алдынан миномет атылыптыр. Улуу кызым жолдо ошол жерде жатып калыптыр. Кичүү кызыма, аялыма да тийип, апасы кичүүсүн көтөрүп, улуусун карап нес абалда болгон экен.

Ок тынбай атылгандыктан аялым улуу кызыма көпкө чейин бара албай жатыптыр. Үчөөнү тең Исфанадагы ооруканага алып барышкан экен. Кызым жолдон үзүлүптүр. Аялыма операция жасалып, наркоз тараганда жанына кирсем, кызын сурай баштады. Кантип ага Мадинабызды жоготконумду айтат элем... "Балдар бөлүмүндө жатат" дедим. Суук кабарды бир күндөн кийин угуздук. Экөөнү Бишкекке ооруканага учак менен алып кетишти. Мен кызымдын сөөгүн моргдон чыгарып, айылга жерге бергени алып келдим.

-- Азыр жубайыңыз, кызыңыз Бишкектеги траматология жана ортопедия борборунда дарыланып жатыптыр. Абалдары кандай, сүйлөшүп жатасызбы?

-- Аялым "жакшы баса албай жатам" дейт. Бутунун эки жеринде жарааты бар экен, рентгенге салып текшерип жатышат. Кичүү кызымдын абалы жакшы эле дешти.

-- Канча балаңыз бар, Мадина тууралуу айтып бериңизчи?

-- Үч балам бар. Улуусу Москвада иштейт. Ал кечээ кечинде Ошко учуп келди. Түнү менен Бишкектеги ооруканага апасына чыгып кеткен. Мадина үйдүн ортончусу эле. Ооруканада жаткан кичүү кызым 10 жашта. Мадина дилгир, акылдуу кыз болчу. 1-класстан 6-класска чейин жалаң "5" деген баага окуду. Ыймандуу кызымдан айрылып калдым. Беш убак намаз окуп, орозо кармачу. Өлгөн күнү оозу бек эле, ошол бойдон кетти. Өзүмдү коерге жер таппай, туталанып жатам. Башка эч нерсе айтып бере албайм.


Азаттык

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер