Бакыт Мамытканов, эксперт: “Малды бордогонго мамлекет тарабынан көңүл бурулушу зарыл”


-- Башка азыктар менен бирге эттин кымбаттаганына эл нааразы. Мал арзан, эт көтөрүлүп, карапайым калктын эле чөнтөгүнө оорчулук жаралып жаткандай...
-- Буга бирден-бир себеп, жазында, күзүндө малды бордогонго кредит азыраак тийип калганы... Бизде малды бордогонго кенен-кесири акча жок болгондугуна байланыштуу эт кымбаттап кетүүдө. Бул жагына мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулса, бизде малдын жеми менен машыккандарды көбөйтсөк, жеңилдетилген кредиттерди күздөн баштап жазга чейин беришсе, жыл бою эт арзан болот эле. Азыр мал арзан, эт кымбат болгондугунун бирден-бир себеби ушул.
-- Алуучуларбы же сатуучуларбы, айыл чарба азыктары, жашылча-жемиштердин баалары туруксуз болуп, ар жылы түшүм жыйнаган учурда эл нааразы. Бул көйгөйлөрдүн себеби эмнеде?
-- Биз азык-түлүк коопсуздугунун алдын алып, жакшы көңүл бура баштаганыбызда гана баалар турукташат. Анүчүн жашылча-жемиш сактоочу атайын жайлар керек экенин тынбай айтып келем. Мисалы, көбүрөөк өлчөмдө сактоочу жайда картошка турса, биздин фермер ойлонбой картошка айдап, 12 айга бөлүп коюп сата берет. Бир жылы өтө кымбаттап, же экинчи жылы арзандап кеткен ажиотаж жаралбайт. Ушул жагынан финансылык колдоо кылбасак, оңолууну күтпөй эле коюш керек. Баанын туруксуздугу улана берет. Бул дээрлик азык-түлүктөргө: алмага, алчага, өрүккө, картошкага – баарына тийешеси бар. Союз тарагандан бери жадагалса жүгөрү, буудай сактаганга кампа курулбады. Эгер биздин жаңы технологиялар менен сактай турган сактоочу жайларыбыз жок болсо, эч өнүгө албайбыз. Анан да финансылык колдоо көрүлбөсө, биз дыйканчылыкта кара тер төгүп иштеген менен пайда жок.










