Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Бүгүн колония-поселениелер актуалдуулугун жоготту”


-- Исхак Абсаматович, колония-поселенияларды жоюу боюнча мыйзам долбоору даярдалган турбайбы, бул канчалык туура болот?
-- СССР учурунда колония-поселениялардын өзүнүн орду болчу эле. Ал кылмышкерди камакта отуруп чыккандан кийин кайсы бир мөөнөткө көзөмөлдөп, тарбиялоого шарт түзгөн. Бирок, бүгүн ал өзүнүн максатына жетпейт деп айтсак жаңылбайбыз. Пробация деген кирбедиби. Ал сот жоопкерчилигине тартылган кишини кайсы бир мөөнөткө көзөмөлдө кармайт. Андыктан, колония-поселениянын жоюлганы көп деле зыян болбойт. Мындайча айтканда, ал актуалдуулугун жоготту. Бирок, көзөмөлдүн формасын өзгөртсөк болот. Балким, пробацияны күчөтөрбүз.
-- Мурда абактагылар иштешчү. Азыр да ошол практиканы кайра жандандыруу керекпи?
-- “Эмгек-түзөтүү ишканалары” деп койчу, абдан чоң ишканаларда эмгектенишчү. Азыр аларды иштетүүнүн бир багыттарын кайра ойлоп тапсак, абактагылар биртике болсо да акча тапса, менимче, жаман болбойт эле.
"Азия Ньюс" гезити











